Кауфман мандалагы
Кауфман мандалагы (лат. Tulipa kaufmanniana, Regel) - Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Жумуртка сымал пияз түбүнүн диаметри 1,5-4,0 см, калың, кара-күрөң кабыгы ичинен түктүү жана пияз түбүнө жабышып турат. Өсүмдүктүн бийиктиги 10-40 см. Сабагы сейрек түктүү, көпчүлүк учурда кызгылт-көк түстө. Жалбырактары 2ден 5ке чейин, жыш жалбырактанган, көгүлтүр, жылмакай. Гүлү бирден, ири, узундугу 8 см ге чейин, кызгылт-ачык-сары же ак, бирок сары гүлдүү өсүмдүктөрү да кездешип, саргыч, оттой ачык-кызыл, кыштай-киргил жана кочкул-кызыл гүлдүүлөрү да бар. Гүл коргонунун сырткы желекчелери ланцеттей, кээде эллипстей; төмөн бөлүгү сары темгилдүү. Гүл коргонунун ички желекчелери ачык сары кызгылт, төмөн жагы ак-сары темгилдүү, ичкилеринен бир аз узунураак келет. Полиморфизм өтө мүнөздүү. Кутучасынын диаметри 2 см ге жетип, узундугу 3-6 см. Уругу ачык-күрөң, ири (1,3-0,8 см), үч бурчтуу тегерек сымал.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Март айынын аягынан баштап, апрелде толугу менен гүлдөйт. Өсүү шартына жараша майдын аягынан августка чейин уруктанат. Уругу жана вегетативдүү жол аркылуу (жаралган майда пияз түптөрү) көбөйөт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Батыш Тянңшанң: Чаткал тоо кыркасы.
Өсүү шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таштак тоо этегинен ортоңку алкактарга чейин өсөт.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өтө чектелген аянттарда кездешет, тез аранын ичинде жоголуп кетиши мүмкүн. Өсүмдүктөр коомдоштугундагы түптөрүнүн саны 1 м аянтта 10дон ашпайт.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гүлдөрүн массалык түрдө чогултуп, аянттарды чарбачылык жактан өздөштүрүп, мал жаюу.
Өстүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маданиятташтырууга өтө ылайыктуу. ХХ кылымдын аягынан тартып КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк ботаника бактарына интродукцияланган.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Казак ССРинин (1981), СССРдин (1984), Өзбек ССРинин (1984) жана Кыргыз ССРинин (1985) кызыл китептерине киргизилген. Бешарал коругунда коргоого алынган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коргоо режимин күчөтүү, популяциясынын абалына иликтөө жүргүзүү, гүлдөрүн үзүп, чогултуп сатууга, пияз түптөрүн казууга тыюу салып, түр кеңири учураган полиморфтуу аймактарда ботаникалык заказниктерди уюштуруу керек.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VU. Батыш Тянңшандын эндем түрү. Кыргызстандагыжогору декоративдүү: эң кооз, эрте гүлдөгөн мандалак. Түр ичинде көптөгөн өзгөргүчтүк мүнөздүү. Селекцияда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2