Качмай топ

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—10 киши.
Оюн аянтчада, стадиондо, талаада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Таяк, топ.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга жетекчи шайланат, 40х80 м. келген аянтчада тандалат, аянтчанын эки узун жагына мара белгиленет. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүп, өздөрүнүн башчылар тандашат. Макулдашуу боюнча бир топ тараптын оюнчулары, топту урчу сыныкка бир биринин артынан бир катар болуп турушат. Экинчи тараптын обончулары талаадан кеңири орун алышып турушкандан кийин, алардын бирөөсү, топту ыргытып берүүгө биринчи тараптын оюнчулары турган сызыкка келет.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сызыкта турган оюнчулар кезектери келгенде, бирден ыргытылып берилген топту таяк же кол менен уруп алыс жана бийик учурушуп төмөнкү марага жүгүрүшүп барып кайра келүүгө аракеттенишет. Марага барып келген оюнчу, ордого келип топту дагы уруш үчүн өз кезегин күтөт. Эгерде ал оюнчуга тоскоолдук пайда болсо, төмөнкү марада күтүп турса болот.
Талаадагы оюнчулар урулган топту абада жерге түшүрбөй туруп, тутуп алганы же болбосо жерден бат кармоого аракеттенишет. Талаадагы оюнчулар марадан, марага жүгүрүп бараткан оюулардын бирөөсүн, топ менен уруп алганы аракеттенишет. Эгерде марага жүгүрүп качып бараткан оюнчуга ыргытылган топ тийсе талаадагы оюнчулар талаадан шаарга же төмөнкү марага качышат. Шаарда турган оюнчулар топту алышып, ордону көздөй качып бар атышкан оюнчулардын бирөөсүн, талаарын ичинде уруп калууга аракеттенет. Талаадан толугу менен урдурбай качып чыгышкан оюнчулардын тобу, ордону көздөй келишип кезектери менен, бирден ыргытылган топту ура башташат. Эгерде урулган топту талаадагы оюнчулардын бирөөсү жерге түшүрбөй абада кармап алса, башка тараптын оюнчулары ордулары менен алмашышкандан кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип оюн, каалаган убакытка чейин уланат. Шаарда көп убакытта турган оюнчулар жеңишке ээ болушат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир оюнчу топту бир жолу урушу керек, жаңылган оюнчуга кайрадан топту урууга болбойт, бары бир жаңылган оюнчу төмөнкү .марага жүгүрүп барып келиши шарт. Топту ыргытып берчү оюнчу топту жакшылап көкөлөтүп ыргытып бериши керек, антпесе топту кайрадан ыргытып берүүгө тийиш. Ошентип үч жолу топту таштоого болот. Эгерде үч жолу топ начар ыргытылып берилсе, ал оюнчу башка оюнчу менен алмаштырылат.
Талаада марада, марага бараткан оюнчуга ыргытылган топ туура тийсе эсептелинет, жерге же башка буюмдарга (нерселерге) тийип, кайра ыргып оюнчуга тийсе эсептелбейт. Эгерде ыргытылган топ начар урулуп калса, ал оюнчу марадан марага жүгүрбөстөн, шаарга жакын жерде сызылган кичинекей тегеректе туруп, кийинки оюнчунун жакшылап урушун күтсө болот. Ошондуктан төмөнкү марага бирден бир канча токпу начар урган оюнчулар жүгүрүп барып келсе болот. Топту ыргытып берип турган оюнчуга, талаада жүгүрүп бараткан оюнчуларды топ менен уруп алса болот. Оюнчуларга топ сызыктын сыртында болгондо марадан марага жүгүрүп өтүүгө уруксат берилет.
Оюнчулардын талаадан сырткары топту уруп чыгарууга болбойт. Андай болсо оюнчулар ордулары менен алмашышат.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Топту урчу таягы жок болсо, топту кол менен уруп ойноого да мүмкүндүк берилет.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда ылдамдыкка, шамдагайлыкка тарбияланат, жүгүрүүнүн, ыргытуунун ыкмаларын, бирдикке, уюштуруучулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]