Кашгар-Кыштак урандысы

Википедия дан

Кашгар-Кыштак — байыркы шаар урандысы; эл жашаган жер. Ош шаарына жакын Кашкар-Кыштактын түштүгүндө.
Б.з. алгачкы кылымдарына таандык.
Аянты 125х215 м жана 135х170 м. Турак жайдын түштүк-чыгышындагы дөбөнүн бийиктиги 2 м, жан жактарынын уз. 95,1 м. Турак жай жана чарбалык курулуштардын негизги бөлүгү ошол жерде жайгашкан. Маданий катмардын тайыздыгына караганда, Кашкар-Кыштактын калган бөлүгү короо болгон. Түштүк-чыгыш тараптагы дубалынын борборундагы чептен дөбө гана калган. Анын бийиктиги 5 м, диаметри 25 м. Уранды казыла элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет энциклопедиясы, 3 том. Башкы редактору Б.Ө.Орузбаева. Фрунзе—1978.