Кашка (Aspiolucius esocinus), (Kessler) - Аму жана Сырдарыяларынын бассейндерин мекендешет. Кыргызстанда акыркы жылдары кармалганы белгиленген эмес. Балким жок болуп кеткендир. Промыселдик мааниси бар, Борбордук Азиянын эндемиги.
Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны
Кыргызстандын аймагында өтө сейрек, Токтогул суу сактагычында жана Нарын дарыясына куйган сууларда катталган. Өзбекстандын сууларында Сырдарыянын бассейнинде, Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда кездешет.
Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда катталган эмес.
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Урук чачуусу январң-февралда суунун температурасы
+3°+9°С ге болгон мезгилде башталат. Жырткыч майда балыктар (чабактар, ит чабактар) жана суунун түбүндө жашоочу омурткасыз жандыктар менен азыктанат . Жакшы шарттарда тез өсүп жетилет. Максималдуу жашы 8 жылга чейин, салмагы – 3 кг жетет .
Чектөөчү факторлору. Браконңерлик, дарыялардын сууларын өздөштүрүүнүн натыйжасында миграцияга, өрдөөсүнө жана семирип эт алуусуна болгон шарттардын бузулушу эсептелет.
==Асыроо==Кыргызстанда асыралган эмес. Казакстанда Арал кашкасын колдо өстүрүп көбөйтүү иштери жасалган .
Түр браконңерлик менен балык уулоодон коргоого жана ошондой эле урук чачуу мезгилинде кармоого тыюу салууга өтө муктаж. Колдо өстүрүп көбөйтүү менен кайра калыбына келтирүү үчүн таралышы боюнча кошумча изилдөөлөр жүргүзүү зарыл.