Квазар

Википедия дан
Галактика NGC 4319 жана квазар Маркарян 205

Квазар (quasar) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ жана Күн системасынан бир нече миңдеген Мпк алыс жайгашкан космос объектилери. Аларды квазижылдыздык объектилер, квазижылдыздар деп да айтышат.

Оптикалык түрү жагынан жылдыздарга, ал эми спектрлеринин мүнөзү бонча газ тумандуулуктарына окшош. Квазарлардын жаратылышы галактикалардын активдүү ядросу сымал жана ал жылдыздар системасынан өтө алыс жайгашкан. Квазарлар өтө кубаттуу галактикаларга караганда ондогон эсе көп энергияны нурландырат. Энергия булагы азырынча белгисиз. Айрым rвазарларда жаркырактык байкаларлык жана тез байкалат. Квазарлардын табияты алиге чейин окуп-үйрөнүлө элек.

Квазардын нурланышы – жылдыздарга салыштырмалуу айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана анын спектринде эң чоң кызыл жылышы бар ачык сызыктар.

Квазарлардын өтө жаркырактыгы 13-жылдыз чоңдугундай көрүнөт, бирок кээ бир квазарлар зор галактикаларга салыштырмалуу жүздөгөн эсе жарык жана радиотолкун түрүндө нурланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов