Кварц генератору

Википедия дан

Кварц генератору - түзүлүштөрдөгү резонанс контурунун ролун кварц резонатору (кварц кристаллынан белгилүү бир формада кесип алынган пластинка алкак же төрт кырдуу кристалл) аткара турган жогорку жыштык электр термелүүлөрдүн аз кубаттуу генератору.

Кварц пластинкасы деформацияланганда анын бетинде электр заряды пайда болуп, ал заряддын чоңдугу жана белгиси деформациянын чоңдугуна жана багытына жараша болот. Пластинканын бетинде пайда болгон электр заряды ал пластинканы механикалык деформацияга дуушар кылат. Натыйжада пластинканын механикалык термелүүсү анын бетиндеги электр заряддарынын термелүүсүнө дал келет. Кварц генераторунун термелүү жыштыгы (бир нече кгц тен ондогон Мгц ке чейин) кварц резонатордун өлчөмүнө, кварцтың серпилгичтигине жана пьезоэлектрдин туруктуулугуна, резонатордун формасына жараша болот. Термелүү жыштыгын андан ары өзгөртүү менен (жыштыкты бөлүп же көбөйтүп) Кварц генератору убакытты өлчөө (к. Кварц сааты, Квант сааты) үчүн жана жыштык стандарты катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.