Кебеков Курманбек

Википедия дан

Кебеков Курманбек 1948-жылы 21-июлда азыркы Сузак районундагы Кызыл-Кыя айылында туулган.

  • 1954-жылы айылдагы мектепке окууга кирип,
  • 1962- жылы 8- классты бүтүргөндөн кийин, Кызыл Пахтачы мектебинен орто билимге ээ болот.
  • Мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринардык окуу жайына тапшырып, аны 1968-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, “Дружба” совхозунда ферманын жетекчиси болуп эмгектене баштайт.
  • 1971-жылы Фрунзедеги айыл чарба институтуна тапшырып, аяктап келгенден кийин, совхоздун комсомол комитетинин катчысы болуп дайындалат да,
  • 1978-жылга чейин иштеген.
  • 1978-1986-жылдары “Дружба” совхозунун жумушчулар комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.
  • 1986-жылдан 1996-жылы совхоз жоюлуп кеткенге чейин, ошол эле совхоздун башкы зоотехниги болуп иштеген.
  • Андан кийин, Багыш айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеп жүрүп, өзүнчө дыйкан чарба түзүп, азыркы күнгө чейин жетектеп келет.
  • Совхоздо иттттеп жүргөндө, ар кандай юбилейлик медалдар, бир канча ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланган.
  • Ош облустук кеңешинин, айылдык кеңештин депутаты болгон.
  • Октябрь кыштагынын өнүгүшүнө аябай кызыктар болуп, азыркы күндө да коомдук иштерге активдүү катышып келет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3