Кегети мрамор кени

Википедия дан

Кегети мрамор кениЧүй өрөөнүндо, Чүй р-нунун аймагында, Токмок шаарынан 32 км түштүк-батышта, Ысык-Ата менен Кегети өрөөндөрүнүн аралыгында. Кен протерозойдун мраморго айланган акиташ тектеринен турат. Мрамор кооздугу боюнча бир нече түргө бөлүнөт: майда кристаллдуу, сары, жашыл түстөгү мрамор, серпентиндешкен саргыч түстүү мрамор, графиттешкен кара мрамор. Жалпы калыңдыгы 15–18 м, узундугу 1750 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 20x20x10 см. Запасы 3,41 млн м3. Кендеги мрамордон кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]