Кейдель мөңгүсү

Википедия дан

Кейдель мөңгүсүТескей Алатоо м-н Сары-Жаз кырка тоосунун ашташкан тармагында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 3,6 км2.

Сарыжаз суусунун башаты Ашуутөрдүн башында жатат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4340 м, этеги 3600 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу башталып, Сарыжазга куят. Немец геологу Г. Кейдельдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2