Кекире

Википедия дан
Кекире.

Кекире (лат. Acroptilon repens) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Сабагы бутактуу. Топ гүлү кызгылт түстө, евразиялык 2 түрү бар. Төшөлмө түрү көп кездешет. Европа, Кавказ, Батыш Сибирь, Азиядан Моңголияга чейин таралган. Талаа, аңызда, жол жээгинде, короо айланасында өсөт. Сабагынын бийиктиги 30–60 см, гүлү майда. Тамыры өзөк жана майда каптал тамырчалардан турат. Тамырынан көбөйөт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Мал андан уугат. Айрыкча пахта талаасында көп өсүүчү чөп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]