Кекирүү

Википедия дан

Кекирүү - карын же кызыл өңгөчтөн ооз аркылуу капысынан газдын, кээде карындагы азык аралашмасынын өзүнөн-өзү чыгышы.

Дени соо киши тамакты, сууну шашып ичкенде же кургак тамак жегенде абаны көп жутуп алуудан кекирет. Мындай Кекирүү жытсыз, даамсыз болуп, кандайдыр бир оорунун белгиси болуп эсептелбейт. Көбүнчө эмчектеги бала эмчек эмгенде абаны көп жутуп алып, кекирет, кээде сүт кулгуйт ( Кулгуу). Карын зилинин кычкылы көп болсо, кычкыл өт, он эки эли ичегиден карынга өтүп кеткенде ачуу сезилет. Карын ооруп, тамак сиңбей калганда сасык Кекирүү байкалат. Кекирүү карын, боор, өт баштыгы, ичеги ооруларынын белгиси болушу мүмкүн. Кээде боор эт, чанда жүрөк кан тамыр системасынын (стенокардия, миокарддын инфаркты, жүрөк ишинин начарлашы) ооруларында болушу мүмкүн.

Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8