Стенокардия

Википедия дан
Стенокардия

Стенокардияжүрөктүн ишемия оорусунун көп тараган түрү.

Стенокардия тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көкүрөктүн ортосу (төш сөөгүнүн асты же жүрөк туш) капысынан катуу ооруйт. Коронардык (таажы сымал) артерия аркылуу кандын жүрөккө келиши менен жүрөк булчуңунун канды керектешинин убактылуу шайкеш келбегендигинен, башкача айтканда коронардык кан айлануунун өтө жетишсиздигинен болот. Оору дайым капысынан башталып, сол колго, далыга, моюнга өтөт, коркуу сезими пайда болуп, ал кетет. Оору бир нече минутага созулат. Оору денеге оордук келип, жүрөк булчуңуна кан жетпегенден: басканда же башка жумуш жасаганда, ошондой эле жылуудан суукка, шамалга чыкканда же капаланганда, башкача айтканда жүрөккө күч келгенде кармайт. Мындай учурда оорулуу тынч алса (мисалы, басып бараткан адам токтоого аргасыз болот) оору басылат. Кээде организмге оордук келбесе деле, ал тургай уктап жатканда да кармап, адам катуу оорудан ойгонуп кетет.

Пайда болуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стенокардияда коронардык кан айлануунун бузулушуна негизинен жүрөк-кан тамырларынын атеросклероздук тарышы, чанда кан тамырлардын сезгенүүсү жана башкалар жабыркоосу себеп болот. Кан тамырларда анатомиялык өзгөрүү болбой эле, алардын тарышынан (мисалы, гипертония оорусунда же холециститте, карын менен он эки эли ичегинин жара оорусунда жана башкалар) да стенокардия кармашы мүмкүн. Ал рефлекстик стенокардия деп аталат. Жүрөктүн жана көкүрөктүн сол ыптасынын оорусу көп учурда стенокардияга байланышпай, невроздун, остеохондроздун, миокардиттин жана башка оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Биринчи жардам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стенокардия кармаганда оорулуу тынч жатып, дароо нитроглицерин же валидолду колдонуу жакшы жардам берет. Кээде жүрөктүн тушуна горчичник коюу ооруну басаңдатат. Дарыдан кийин — 5 минутада оору басылбаса, нитроглицеринди дагы ичүү керек, ага да болбосо токтоосуз врач чакыруу зарыл. Оорулуу дайыма нитроглицерин менен валидолду жанына ала жүрүүгө тийиш.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стенокардияга чалдыкпоо үчүн эмгектенүү, эс алуу жана тамактануунун ыңгайлуу тартибин сактоо, оор кара жумуш иштебөө, тамакты (айрыкча түнкүсүн) көп ичпөө, тамеки тартпоо зарыл; жөө сейилдөө, 8 саат уктоо, денени чыңдоочу гимнастика пайдалуу. Отпусканы организм көнгөн шартта өткөрүү оң (Жүрөк-кан тамыр системасы).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8