Келтебек ашуусу
Көрүнүш
(«Келтебик, ашуусу» барагынан багытталды)
Келтебек ашуусу — Ат-Башы кырка тоосунда. Кара-Коюн менен Ак-Сай өрөөндөрүн байланыштырат. Баш-Келтебек суусунун башында. Бийиктиги 3969 м, түштүк бети ашууга жакын тик, кумайлуу; түндүк бети жантайыңкы, бир аз корумдуу. Палеозойдун кумдук жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу май — сентябрь айларында ачылат. Ак-Сай жана Чатыр-Көл өрөөндөрүнө мал ашырылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2