Кемалчылар революциясы

Википедия дан

Кемалчылар революциясы - Түркиядагы антиимпериалисттик-улуттук революциянын адабияттарда кабыл алынган аты.

Кемалчылар революциясынын чыгышына Түркиянын Биринчи дүйнөлүк согушта (1914 - 1918) жеңилип, өз алдынчалыгынан айрылуу коркунучунун туулушу себеп болгон. Бул революцияга Орусиядагы Улуу Октбярь революциясы да зор таасир тийгизген. Кемалчылар революциясы негизинен Анатолияда чыккан. 1919-жылдын башында өлкөнүн айрым райондоруна Антантa аскерлеринин басып кириши элдин стихиялуу кыймылын чыгарып, Греция Измирди басып алгандан кийин (1919-ж. 15-май) ал кыймыл боштондук согушка айланган.

Кемалчылар революциясынын жетекчи табы анатолиялык улуттук буржуазия болуп, ал Түркиянын көз карандысыз улуттук мамлекетин сактап калуу максатын көздөгөн. Кемалчылар революциясында майда буржуазиянын, интеллигенциянын жана өзгөчө офицерлердин патриот өкүлдөрү маанилүү роль ойноп, алардын ичинен революциянын лидери Мустафа Кемаль-паша чыккан.

1919-ж. сентябрда Сиваста болгон Улуттук уюмдардын конгрессинде революциянын жетекчи борбору - Кемаль башкарган Өкүлчүлүк комитети түзүлүп, ал 1920-ж. 23-апрелде Анкара шаарында Түркиянын улуттук Улуу чогулушун чакырган да, өздөрүн өлкөдөгү закондуу бирден бир бийлик деп жарыялаган. Улуттук Улуу чогулуштун партизан отряддарынын ордуна түзгөн регулярдуу армиясы 1922-ж. Түркиянын аймагын чет элдик баскынчылардан толук бошоткон. Түрк элине Совет мамлекети материалдык, моралдык жана саясий жактан зор жардам көрсөтүп, аны менен биринчилерден болуп достук договорун, (1921, март) түзгөн. Акыры Лозанна конференциясында (1922 - 1923) империалисттик державалар Түркиянын көз карандысыздыгын тааныган. Кемалчылар революциясынын жүрүшү жана андан кийинки коомдук процесстер Түркияны республикага айланышына алып келген

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.