Кемин шаар чалдыбары

Википедия дан

Кемин шаар чалдыбары – 11–13 кылымга таандык шаар калдыгы.

Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылынын батыш жагында жайгашкан. Тик бурч формада, жактарынын уз. 490´860 м. Сакталып калган дубалдардын бийикт. 2–5 м, жазылыгы 18–20 м. Дубалдары мунаралар м-н бекемделген. Дубалдын сыртын бойлой жазылыгы – 8 м, тереңд. 2 м аң казылган. Археол. казууда 11–13-к-га мүнөздүү кооздолгон айнектен жасалган идиш-аяктардын сыныктары, чийки ж-а бышырылган кыштар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2