Кененсарынын чапкыны

Википедия дан

Кененсарынын чапкыны – 19-кылымдын 40-жылдарында казактын ханы Кенесары Касымов баш болгон казак феодалдарынын Кыргызстандын түндүгүнө жасаган талоончул жортуулдары. 1845-жылы күзүндө Кенесары кыргыздарга (Ормон, Жантай, Жаңгарачка) элчи жиберип, алардан баш ийип берүүнү, зекет төлөөнү талап кылган. Анын мындай талаптарына кыргыз манаптары өз ара кеңешип, «хан бийлигин сакалдуу эмеспи, манап Ормонго ыйгарган оң, ал эми калган иштерди Кенесары билсин» деп орто заар жооп айттырышкан. Кенесары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Калыгул бий баштаган элчилерин жөнөткөн соң, сарыбагыштын чоң манаптары Ормон, Жантай, солтонун чоң манабы Жаңгарач, бугу, сары-багыш, солто, саяк, черик, саруу, кушчу жана башка уруулардын билермандары хан Кененин талабын талкуулоо үчүн атайын жыйын чакырышат. Ошол жыйында кыргыздар Кенесарынын талаптарын аткаруудан баш тартып, согушка камданууну чечишет. Түндүк кыргыздар Кенесарыга каршы күрөшкө жапатырмак көтөрүлүшүп, Чүй, Талас, Ысык-көл, Борбордук Азиядагы Теңир-Тоону мекендеген кыргыз урууларынын саясий ынтымагы кыйла чыңдалган.
Ормон хан, Жантай, Жаңгарач сыяктуу чоң манаптар хан Кененин жортуулдары күчөгөн кезде кыргыздардын душманга каршы күрөшүн жетектеп, эл башында турушкан. Чүй өрөөнүндөгү кыргыз айылдарына Кенесары 1845-жылдын аягында кол сала баштаган. Жортуулдар учурунда ал Иткечүү жана Мерке чептериндеги кокондук сарбаздар менен кагылышып, Иткечүү чебин талап алат. Мерке беги тартуу берип, кыйроодон кутулган. Чүй боорундагы кокондук бөлөк чептердин сарбаздары да Кенесарынын чабуулдарына тоскоол боло алган эмес. 1846-жылы жоо солтонун жайыл, талкан, бөлөк бай, сарыбагыштын тынай уруктарынын айылдарын чаап ала баштайт. Улуу жүз казагынын баатыры Шоорук Кененин кеңеши боюнча солтонун атактуу баатыры Жаманкара баш болгон кыргыздын белгилүү 13 баатырын элдешели деп алдап чакыртып, жүзүкаралык менен өлтүрүшкөн. 13 баатырдын кунун кууган кыргыздардын чакан кошууну Челектеги Шооруктун айылына кол салып, аны жигиттери менен кошо жайлап, жылкысын айдап кетет. Бул окуя кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруу үчүн Кенесарыга шылтоо болгон. Казак менен канатташ жашаган солто уруусунун абалы өтө оор экенин баамдаган солтонун чоң манабы Жангарач Эшкожо уулу Кенесары менен сүйлөшүп, тынчтык келишим түзүү үчүн ага Тынай бий баштаган элчилерин жиберген. Бирок хан Кене тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, сарыбагыш айылдарына чабуул коёт. Ошол айкашта оорчулук айрыкча тынайларга түшүп, алардын Калпак, Ормонбек, Субанбек өңдүү баатырлары курман болушкан. 1847-жылы жазында Кенесары кыргыз айылдарына чечкиндүү чабуул баштайт. Бирок бул кезде кыргыздар батыш Сибирдеги орус төрөлөрү менен ымала түзүүгө үлгүрүп, өздөрүнүн абалын бир топ оңоп алышкан. Орус бийлиги кыргыздарды Кенесарыга катуу каршылык көрсөтүүгө үндөп, зарыл учурда аскер, курал-жарактан каралашууга убада берген.
Кыргызстанга кайрадан кол салганда хан Кененин карамагында 15 миңден ашуун аскер, 1500 мылтык жана 2 замбирек болгон. Жоо жакындап калганда чүйлүк кыргыздар тоо этектеп чегинип кетишкен. Ал эми Бишкек жана Токмок чептериндеги кокондук сарбаздар кыргыздарга жардам берүүнүн ордуна чеп-коргондоруна корголошкон. Болгону Бишкек беги Алишер кыргыздарга 2 замбирек берген. Кенесарынын колу адегенде ийгиликтерге ээ болуп, кыргыз айылдарын талап-тоноп, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды кырган. Көп өтпөй Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабына жыйналган кыргыз кошуундарына Ормон ханга башчылык кылуу милдети жүктөлгөн. Айкаш башталар алдында Ормон хан түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөтөт. Күндүзү атайын таңгакталган тал, чычырканактарды атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, тү-мөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Ормон хандын мындай аскердик айла-амалы эл ичинде «Ормон опуза» деп айтылып калды. 50 миңдей, айрым маалыматтар боюнча 100 миң аскер жыйналган. Кенесарынын аскери менен Ормондун колунун ортосундагы чечүүчү салгылашуу 1847-жылы апрелдин аягында башталып, бир нече күнгө созулган. Уруш Майтөбө-Текеликтин (Кекиликтин) сеңиринде жүрдү. Көп өтпөй кыргыз колу коргонуудан чабуул коюуга өтүп, жоого оң, сол канаттан сокку ура баштаган. Согуштук аракеттер өтө курчуган мезгилде Батыш Сибирь генерал-губернатору жиберген орус аскерлери Кенесарыга жардамга келе турган кошуундун жолун торогон. Салгылашуулардын биринде кыргыз колу, хандын аталаш иниси Кудайменден 5 миң аскери менен талкалап, Кудаймендени туткунга түшүрүшкөн жана аны өлүм жазасына тартышат. Кенесарынын абалы оорлой баштаганын көргөн Улуу жүздүн ага кошулган султандары ханды калтырып кете башташат. Жакын жан-жөкөрлөрү таштап кеткен хан Кене урушту улантуудан айбыгып, түн жамынып чегинүүгө мажбур болду. Баш аламан качкан жоонун артынан кубалаган кыргыз колу душманды Мыкандын кара сазына камайт. Айыгышкан айкашта Кенесарынын колу биротоло талкаланып, өзү нөкөрлөрү менен туткунга түшкөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
  • Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.