Кенесбаев Исмет Кенесбай уулу

Википедия дан

Кенесбаев Исмет Кенесбай уулу (1907-1990) - казак совет тилчиси, казак совет тил илимине негиз салгандардын бири, түрколог, филология илимдеринин доктору (1945), профессор (1945).

  • Казак ССР ИАнын академиги (1946).
  • Казак ССР илимге эмгек сиңирген ишмер (1946).
  • 1942-жылдан КПСС мүчөсү. Ленинграддагы Чыгыш таануу институтун бүткөн (1931).
  • Кененбаев - казак тилинин фонетикасы, лексикологиясы, лексикографиясы, этимологиясы жана тил тарыхынын маселелери, ошондой эле казак тилинин совет доорундагы өсүшү, тилдердин карым-катышы боюнча 100дөн ашык илимий эмгектин автору.

Түркологияда фразеология маселелери боюнча да изилдөө жүргүзүп, «Казак тилинин фразеологиялык сөздүгүн» түзгөн (1977).

Түркологдордун Советтик Комитетинин башкармасына мүчө, Эл аралык Урал-Алтай коомунун ардактуу мүчөсү, «Советская тюркология» журналынын редколлегия мүчөсү.

Ленин ордени, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9