Кенжебаев Аманкан Баатырбекович

Википедия дан

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович (24. 8. 1967-ж. туулган, Москва району, Александровка кыштагы) - ишкер.

  • Фрунзе совхоз техникумун бүтүргөн (1987; Киршёлк кыштагынан).
  • 1987-90-жылдары Советтик Аскер-Деңиз флотунда кызмат өтөгөн.
  • Айыл чарба жана башка тармактарда эсепчи, зоотехник, кампа башчысы, кооперацияда башкарманын орун басары жана фирмада жабдуучу болуп иштеген (1991- 98).
  • 1999-жылдан Бишкек эркин экономикалык зонасында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, тартип башкармалыгында күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын, (курулуш боюнча) башкаруучусу кийинчерээк курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы болгон (1999-2001).
  • 2001-жылдан Бишкек эркин экономикалык зонасында жоопкерчилиги чектелген өндүрүштүк коомдордо («Арна», 2001-003; «СЭЗ курулуш», 2003-04; «Баден-Сервис», 2005;) башкы директор.
  • Ал жетектеген «Баден-Сервис» курулуш долбоорлоо фирмасы Ысык-Көлдөгү «Ак-Марал» (2005; аянты 11000 м2) жана «Радуга West» 2007-08; 3800 м2) эс алуу борборлорун, Американын «Ганси» авиабазасынын казармасын жана ашканасын, «Банк Азия» жабык акционердик коомунун имаратын ж. б. курган.
  • 2000-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушунун 1-деңгээлдеги лицензиясын алууга татыктуу болгон.
  • 2004-05-жылдары өкмөттүк делегациянын курамында Кытай Эл Республикасына барган.
  • Аламүдүн райондук (2004) Ала-Арча айылдык кеңешине, ж. Военно-Антоновка айыл округуна депутат болуп шайланат.
  • Кенжебай молдонун небереси, Кырбаш уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9