Кенжебай тоосу

Википедия дан

Кенжебай тоосуТалас Ала-Тоонун түндүк тармагы. Чоң Чычкан (Таластын куймасы) суусунун алабынан орун алган. Тоо түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай 20–22 кмге созулат. Туурасы 4–5 км. Орточо бийиктиги 3500–3800 м, эң бийик жери 4025 м. Тоонун кыры тайпак. Бир аз мөңгүлөр кездешет. Капталдары жантайыңкы (айрыкча ортоңку бөлүгү) келип, түштүктү карай бийиктейт. Негизинен соңку рифейдин гранит-порфирит жана гранит-диориттеринен турат. Шалбаалуу талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу бадал аралаш токой (2900–3000 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3200–3300 мге чейин), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]