Кенизек

Википедия дан

Кенизек — үй кызматын аткаруучу аял, күң. "Манас" эпосунда Манас Каныкейге күйөөлөп барган учурда К. Санирабиганын сакчы, кызматчы кыздары катары сүрөттөлөт. Манас уурданып Санирабиганын үйүнө кирерде жети К. «канжарлары колунда, канкордун өтөр жолунда» каршы-терши жатышкан болушат. Манас менен кошо келген Ажыбай жети жамбы көтөрүп алып жети К-тин бири Нааркүлдү ойготуп калган К-терге шаңшуур жамбы берип Манаска жол ачат (Сагымбай Орозбаков, 2. 398—399).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4