Кепели-Сай кум-шагыл кени

Википедия дан

Кепели-Сай кум-шагыл кениЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 5–6 км түштүк-батышта, Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 600 м бийикте. 1980-ж. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилиндеги аллювий жана пролювий чөгүндүлөрү түзөт. Пайдалуу кумшагыл катмарынын калыңдыгы 10–30 м, уз. 1,5 кмге жакын. Ири шагылдар 10%, майдалары 50%, кум 40%ти түзөт. Кумшагылда чаң 20–22%ке чейин. Ири шагылдарды майдалап, «200», «300» маркасындагы бетонго колдонсо болот. Кумду чаңдан арылтып жуугандан кийин бетонго кошууга, жолго төшөөгө жарайт. Запасы боюнча – 2600 миң м3, С1 – 8100 миң м3, В+С1–10700 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]