Кепсен

Википедия дан

Кепсен - өткөн доорлордо Орто Азиядагы дыйканчылык өнүккөн жерлериндеги чаап алынган, жыйналган эгиндин түшүмүнөн алынуучу салыктын бир түрү; кызылдоо учурунда саламдашып келген айрым кишилерге, тууган-туушкандарга кырмандан ырымдалып берилген эгин. Эгин басылып, кызыл сапырылып, чечкор өткөрүлүп, капка саларда же ороого куярдан мурун эгин басууга, эгин сапырууга жардамдашкан же ошол учурда кырманга келген аксакалдарга, балдарга кырман ээси бир күрөк, бир табак, бир калбыр же бир чака кызыл салып берген. Ошол жердеги жетим-жесирлер атайы эле кепсен алуу үчүн «кырман толсун» деген алкоосун айтып барышканда да кырман ээси бир аздап ырым кылган. Айрым учурда кырман ээси чечкор жасап, айыл аксакалдарын, аттуу-баштуу кишилерди чыкырган. Тамак ичилип бата айтылгандан кийин аларга кызылдын кѳлѳмүнѳ жараша кепсен таратылып берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]