Кеп жыгач

Википедия дан

Кете, нөкөрү, көкжеке, кепич, өтүк, маасы жана башка бут кийимдерин ултарууда кеп катары колдонулуучу үлгү. Чеберлер аны арчадан, кара жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө жасашат. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша ар кандай өлчөмдө жонулат. Азыр өтүк, маасыдан башкаларды ултаруу аракеттери калып баратат, элдик форма катары бут кийимдердин түркүмүн көбөйтүү үчүн жогорудагыдай үлгүлөрдү кайрадан жаныртып кармоо чеберлердин асыл милдети болуп саналат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)