Кеп маданияты

Википедия дан

Кеп маданияты - бул термин, негизинен, сүйлөшүүнүн, жаза билүүнүн негиздерин, сапаттарын, теориялык жагдайларын, категориялык талаптарын, нормаларын изилдеген илимдин аталышын туюндурат.

  • 1. Объективдүү тарыхый көзкараш боюнча, Кеп маданияты - тигил же бул доордо жашаган коомдун кебинин ал-акыбалын изилдеген филологиялык илимдин бир бөлүгү.
  • 2. Нормалаштыруу, теске салуу (регуляциялоо) көзкарашы боюнча, Кеп маданияты - адамдардын ортосунда пикир алмашууну канааттандыруу үчүн тилди колдонуунун эрежелери, өбөлгө - принциптери жөнүндөгү филологиялык илимдин бир тармагы. Т.а., Кеп маданияты- бул кептин нормативдүүлүгү.

Кеп маданияты сүйлөшүүнүн коммуникативдик сапаттарынын жыйындысын, системасын изилдөөчү илим деген да көзкараш бар. (Б.Н.Головин, С.Ж.Мусаев). Сүйлөшүүнүн коммуникативдик сапаттарына: анын тууралыгы, тазалыгы, түшүнүктүүлүгү, образдуулугу, адептүүлүгү, орундуулугу, таасирдүүлүгү кирет. Кеп маданияты мына ушул маселелерди изилдейт. Кеп маданияты адамдардын сүйлөшүү маданиятын жанa алардын жалпы эле маданиятын, адеп-ахлагын, ички жан дүйнөсүн өнүктүрүү максатын көздөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4