Кеп этикети

Википедия дан

Кеп этикети - коомдо пикирлешүүчүлөрдүн кептик баарлашуусун уюштуруу, алардын социалдык ролдоруна жана бири-бирине карата пози-цияларына ылайык баарлашуусун колдоо, официалдуу жана официалдуу эмес чөйрөлөрдөгү өз ара мамилесин жөнгө салуу үчүн иштелип чыккан баарлашуу формулаларынын системасы.

Кеп этикети, кеңири маанисинде этикеттин семиотикалык жана социалдык түшүнүктөрү менен байланышта болуп, баарлашуунун тигил же бул регистрин тандап алууда жөнгө салуучу роль ойнойт. М.: "Сиз" же "сен" деп, аты-жөнүн атап же башка номинациялар боюнча кайрылуу, айыл же шаар чөйрөсүндөгү баарлашуу өзгөчөлүктөрү, улуу муундар же жаштар арасындагы баарлашуу жолдору ж.б. Тар маанисинде Кеп этикети кайрылуу, көңүл буруу, таанышуу, учурашуу, коштошуу, кечирим суроо, ыраазычылык билдирүү, куттуктоо, кеңеш берүү же суроо, өтүнүч, чакыруу, сунуш кылуу, макул болуу, жактыруу, боор ооруу, көңүл айтуу, комплимент, каалоо-тилек айтуу кырдаалдарында сылык түрдө баарлашуунун функционалдык-семантикалык бирдиктеринин системасын түзөт. Кеп этикетинин коммуникативдик стереотиптери баарлашууга жаңы логикалык мазмун берүү үчүн эмес, социалдык жактан мааниге ээ маалыматтарды билдирип, сүйлөөчүлөрдүн максаттарын аткаруу, тилдин негизги функцияларын манифестациялоо үчүн кызмат кылат.

Кеп этикетинин функциялары тилдин коммуникативдик функциясына таянуу менен өз ара байланыштуу атайын функциялардан түзүлөт: контакт түзүүчү (фатикалык), адресатка багытталуучу (коннотативдик), жөнгө салуучу, эркти билдирүүчү, түрткү берүүчү, көңүл буруучу, адресатка жана баарлашуу абал-чөйрөсүнө карата мамилени, сезимди билдирүүчү функциялар.

Кеп этикетинин тематикалык жана синонимдик катар формулаларынын система-лык уюшулушу семантикалык деңгээлде турат. Кеп этикетинин бирдиктеринин синонимдик катарынын байлыгы түрдүү социалдык белгидеги коммуниканттардын түрдүү мүнөздөгү социалдык карым-катышы менен шартталган. Айрым бирдиктер бир гана чөйрөдө колдонулуу менен, социалдык символизмдин белгилерине ээ болот.

Кеп этикети функционалдык-семантикалык универсалий болуп эсептелет. Ошентсе да ал узуалдык кептик жүрүм-турум, каада-салт, жөрөлгөлөр, конкреттүү аймактын жашоочуларынын вербалдык эмес коммуникациясы менен байланышкан улуттук спецификага ээ. Кеп этикетинин формулалары көп сандагы фразеологизмдерди, макал-лакаптарды камтыйт. Индивиддер арасындагы кайрылуулардын формасы да улуттук мүнөзгө ээ.

Кеп этикети социолингвистика, этнолингвистика, прагмалингвистика, стилис-тика, кеп маданияты менен байланышта изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4