Социолингвистика

Википедия дан

Социолингвистика - социалдык факторлордун тилге тийгизген таасирин, тилдин социалдык табиятын жана коомдук милдетин изилдөөчү илимий тармак.

Ал тил, социология, социалдык психология, психолингвистика, семиотика, этнография илимдеринин тирешүүсүнөн пайда болгон. Социолингвистикага 20-кылымдын 20-30жылдары окумуштуулар (Л. П. Якубинский, В. В. Виноградов, Б. А. Ларин, В. М. Жирмунский, Р. О. Шор, М.В. Сергиевский, Е. Д. Поливанов) негиз салган. Социолингвистиканын өнүгүшүндө француздук, америкалык, германиялык, япониялык илимпоздордун эмгектеринин да ролу кыйла. Марксчыл социолингвистика тарыхый материализмге жана марксчыл социологиянын жекече теорияларына, тил жөнүндөгү марксчыл окууга таянат.

Социолингвистика төмөнкүдөй проблемаларды карайт:

  • 1. тил жана улут, улуттук тилдин пайда болушу;
  • 2. тилдин түзүлүшү жана табияты, диалектилер;
  • 3. тилди типтерге ажыратуу, б. а. типологиялык изилдөө;
  • 4. улуттук карым-катнаш, анын тилге болгон таасири;
  • 5. эки же бир нече тилдик кырдаал; 6. коомдун тилге аң-сезимдүү мамилеси, б. а. тилдик саясат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9