Керзон линиясы

Википедия дан
Керзон линиясы (1919 жана 1940).

Керзон линиясыПольшанын чыгыш чек арасы катары 1919-ж. декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара жөнүндө Британиянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Гродно – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Дорогуск – Устилуг – Крылов – Г рубешовдун чыгыш жана Рава-Русскаянын батышынан, Перемышлдан Карпатка чейин) токтотулушун талап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун билдирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «Керзон линиясы» деп аталган. 1939-ж. сентябрда Германия Польшаны басып алгандан кийин, Украина жана Беларуссиянын батыш бөлүктөрү СССРге кошулуп, бул жер жөнүндөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-ж. 11-январдагы билдирүүсүндө жана 1945жылдагы Крым конференциясында согуштан кийинки советтик-польшалык чек ара «Керзон линиясы» боюнча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-ж. 16-августта СССР жана элдик демократиялык Польшанын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал боюнча советтик-польшалык чек ара биротоло аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]