Асанкалый Керимбаев

Википедия дан
Керимбаев, Асанкалый‎»‎ барагынан багытталды)
Асанкалый Керимбаев
Туулган датасы

7 -февраль 1950(1950-02-07)

Туулган жери

Иринжит, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР (Кыргызстан)

Өлгөн датасы

10 -декабрь 1999(1999-12-10) (49 жаш)

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, обончу

Активдүү жылдары

19671996

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эл артисти

Super.kg: ID 417

Керимбаев Асанкалый - Жалал-Абад облусу Аксы районунун Иринжит айылында 1950-жылы (1950–1999) 7-февралда туулган. Обончу, ырчы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанкалый Керимбаев Кетмен-Төбөдөгү кадимки Керимбай болуштун небереси. Атасы Ысакжан болочок талант эки айга толгондо эле бул жарыкчылык менен коштошот. Үйдүн туусу кулагандан кийин чиедей 3 эркек баласы, 1 кызы менен калган эне көптөгөн азап-тозокко кабылат. “Болуштун үй-бүлөсү” деген шылтоонун негизинде Совет бийлиги жесир аялды балдары менен Өзбекстанга кубалаган. Ошентип, Асанкалый Керимбаевдин жеткинчек кези Өзбекстандын адырларында кой кайтаруу менен өткөн. 8 жашка келгенде туулуп-өскөн мекени – Токтогулга кайтып келип, мектепке кирген. Өзбекстанда бир аз болсо да жашап калгандыктан, өзбек тилин жакшы билген. Бармактайынан ыр-күү көлүнө малынып, өмүрүн чыгармачылыктын чыйырынан издейт. 6-7-классынан тарта өнөргө аралашкан Асанкалый ага чыгармачыл адамдар менен бирге айыл кыдырууну адат кылган. Ал өспүрүм куракка келгенде таланты ташкындап турган Рыспай Абдыкадыровдун ырлары чоң таасирин тийгизген. Жаштайынан ыр ышкыбоздорун ээрчип, алардан өнөр үйрөнүүнү каалаган өспүрүм орто мектепти бүткөн соң Токтогул элдик театрында эмгектенип калат.

  • 1967–1969-жж. Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштөө менен чыгармачылык жолун баштаган.
  • 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
  • 1974–1984-жж. Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген.
  • 100гө жакын обондун автору. Анын «Муңдашым мунар кайдасың», «Кусалык», «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат», «Сулуулар», «Ак булуттар» жана башка ондогон обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
  • Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты.
  • 1976-жылы Эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук фестивалынын жана республикалык бир топ кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон.
  • 2004-жылы анын Р.Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирдикте «Үч кайнар» аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
  • 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы берилген.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ак булуттар» сөзү О.Султановдуку
  • «Ак маралым» сөзү Т.Кожомбердиевдики
  • «Аман бол жылдызым» сөзү О.Султановдуку
  • «Бактылуу болгум келет махабаттан» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Жүрөк сезет» сөзү Э.Ибраевдики
  • «Кайдасың» сөзү К.Алмазбековдуку
  • «Капталдым капилеттен жалыныңа» сөзү Б.Алыбаевдики
  • «Келбедиң» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Көл баяны» сөзү Ш.Молдокеевдики
  • «Кусалык» сөзү Ж.Мамытовдуку
  • «Муңдашым Мунар кайдасың?» сөзү А.Токомбаевдики
  • «Сендей мага» сөзү А.Өмүркановдуку
  • «Сулууга» сөзү А.Осмоновдуку
  • «Таң шооласы» сөзү Т.Кожомбердиевдики
  • «Кара-Көлдүн кыздары» сөзү Б.Сейдакматованыкы ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кечиккен махабат, Асанкалый Керимбаевдин ырлары, Мелодия: С 6027557000

Ноталуу китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Үч кайнар: Обондуу ырлар – Б., 2004 (Р.Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирге).