Турапов Керимберди Ырысалиевич

Википедия дан
Керим Турапов‎»‎ барагынан багытталды)
Турапов Керимберди Ырысалиевич
Туулган күнү

10-ноябрь 1959-жылы

Туулган жери

Кызыл-Суу

Жарандыгы

СССР, Кыргыз Республикасы

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995)

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1989),

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1997),

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы (2000)

Эл аралык «Руханият» сыйлыгыгы (2001)

III даражадагы «Манас» ордени

Турапов Керимберди Ырсалиевич (10-ноябрь1959-жылы, СССР, Кыргыз ССР, Кызыл-Суу айылы) — ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1978-ж. Ош мамлекеттик мызкалык окуу жайынын ырдоо бөлүмүндө, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунда окуган (1981—1986).
  • 1985-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде, 1990-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист,
  • 2002—2008-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу,
  • 2000—2010-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору,
  • 2010—2014-жылдары А. Жумакматова атындагы Чоң академиялык симфниялык оркестрдин солисти болуп иштеген.

Дүйнөлүк ысымдагы композиторлор Ж. Вердинин «Травиатасынан» Альфредонун, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ленскийдин, Ж. Вердинин «Риголеттосунан» Герцогдун, А. Малдыбаев, В.Власов, В. Ференин «Айчүрөк», «Манас» операларындагы башкы ролдорду да аткарат. Ал кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткарат. Концерттерде атактуу ырчылар А. Соловьяненко, А. Днишев,М. Ташматов ж.б. менен бирге ырдаган. КМШ өлкөлөрүнүн, Исландия, Корея, Германия, Монголия, Франция, Бельгиянын, Түркия, Кытай, Пакистан, Индия ж.б. чет өлкөлөрдүн концерттик залдарында ырдап, бейтааныш угуучуларга аткаруучулук чеберчилиги менен таанылат. Турапов обон да чыгарат. «Туулган жерди сагындым», «Махабат вальсы» ж.б. обондору бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4