Кызыл-Суу (Кара-Суу району)

Википедия дан

Кызыл-Суу, Кара-Суу району, Жаңы Кызыл-Суу — Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Отуз-Адыр айыл округуна караштуу. Гүлчө суусунун боюнда, деңиз деңгээли 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 64 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 56 км. Калкы 1369 (2009); негизинен мал жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, оорукана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жайлары, соода бөлүмдөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]