Керман өрөөнүндөгү Таш бакча

Википедия дан

Керман өрөөнүндөгү Таш бакчаباغچه سنگی کرمان[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Керман өрөөнүнүн түштүк-батыш тарабында Мийандоаб айылына жакын жерде укмуштуудай Таш бакча жайгашкан. Ал япондордун белгилүү ажайып таш бакчасына таптакыр окшобойт. Бул адамдын жана табияттын муңу жана ошону менен бирге салтанат чагылдырылган бакча.

Бакчанын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бакча отуз жыл мурун ушул эле айылдын тургуну сокур жана дүлөй дыйканы тарабынан жасалган. Дарвиш Хан - Гонг Эсфандиярпур аттуу дыйкан какыраган чөлдө жан берген гүлдүү бакчанын элесине арналып жасалган. Жогоруда айтылган Дарвиш Хан азыркы тапта тирүү жана ал бакчага анын оозу барбаган, батынып айта албаган нерселерди чагылдырууга аракеттенген. Ал куурап калган сөңгөктөрдүн, дарактардын, темирлердин, таштардын сыныктары, чөпүрөк-чапырак, ар кандай жырткычтардын мүйүзү же сөөктөрү жана жүн сыяктуу, колуна тийген нерселер менен кооздогон.

Таш бакча бүгүнкү күндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүгүнкү күндө аталган “Таш бакча” Керман өрөөнүнүн кооз, туристтик жерлеринин бирине айланын, ал бакча жайгашкан Сиржан шаарчасына жыл сайын туристтердин агымы өсүүдө. Аталган Таш бакчаСиржан шаарындагы кооз жерлерден өзгөчөлөнүптуристтердин кызыгуусун арттырып, көбүнчө туристтер а дегенде эле так ушул бакчага келишет. Маданий мурастар жана туризм боюнча эксперт адистердин тыянагы боюнча бул жердинтарыхый баалуулугу деле жок, бирок маданий жана антропологиялык мааниге ээ. Хан Дарвиштин жалгыз уулу Хасан Эсфандиярпур,аталган бакча Ирандын маданий улуттук мурастар тизмесинин катарына киргендиги жөнүндө кабарчыларга баяндаган. Ал мурункудай эле бул бакчага ээлик кылып, ал жакта жашайт. Дарвиш Хандын айтымында ал Пехлеви режиминдеги жер реформасына каршылык көрсөтүү белгиси катары таш бакчаны жасаган. Ал “Менин атам режим тарабынан жер мүлкүбүз конфискация болуп кеткендиги үчүн абдан каарданган. Бир жолу атам түн ичинде ойгонуп, таң калычтуу түш көргөнүн айтып, мындай акыйкатсыздыкка каршы чыгыш керек экенин айтты, жана айкан сөзүн аткарды” деди. Эсфандиярпур анын атасы 2007 жылы 90 жаш курагында оо дүйнө салып так ушул Таш бакчада коюлганын да кошумчалап өттү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табият