Керме арканда басуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: дарактуу жер. Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар эки дарактын ортосуна аркан тартышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден керме арканга чыгышып, буттарында, тең салмагын жоготпой басууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой керме арканда баскан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Керме арканга жакын турууга, жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, тең салмагын жоготкондон кийин, кайрадан кезексиз аракетин улантууга, бир убакытты бирден көп оюнчуга керме, арканда басууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жерде башка буюмдар болбошу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]