Керээз

Википедия дан

Керээзкаада-салт ырларынын байыркы түрлөрүнүн бири. Эл оозеки чыгармачылыгында эки түрдө — кара сөз жана ыр түрүндө кезигет. Алгач кара сөз түрүндө айтылып, кийин акындар тарабынан поэтикалык формага түшүрүлүп, күчөтүлгөн учурлары көп. Мисалы, Боромбайдын, Балбайдын керээзи. К. калкка кеңири таанымал чечен же акын тарабынан айтылса авторлугун сактап, чыгарманын мазмуну көп өзгөрүүгө учурабайт. Айтуучулар да өзүнөн кошпой сактап калгандарын так берүүгө аракеттенишет. Буга Көкөтөй Чечендин, Арстанбек, Жеңижок, Куйручуктун К-и далил.

К. «Манаста» да кездешип, эпостун мазмундук өзөгүндө, идеялык, поэтикалык системасында алган орду жана көтөргөн жүгү бар. Мисалы, Көкөтөйдүн , Манастын К-и эпостогу окуянын өнүгүшүндө белгилүү роль ойноп, көп окуялардын түйүнү, андан ары чиеленишинин себеби болот.

Көкөтөйдүн К-и бардык варианттарда бирдей деңгээлде болбосо да орун алып, бир канча муундун таланттуу айтуучуларынын чыгармачылык өнөрканасынан өтүп, мазмуну, көркөмдүгү жактан такталып, калыптанган түрдө бизге жеткен эпостун алгачкы окуяларынын бири. Көкөтөйдүн К-и негизинен өзүн кандай көмүү жана аш берүү жөнүндө болгону менен мазмуну, багыты кеңири. Айрыкча, Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда К. ырынын жанрдык мүмкүнчүлүгү артып, таанытуучу-эстетикалык мааниси бир топ кеңейген: турмуштиричилик гана эмес, коомдук-социалдык, тарыхый-этнографиялык жана дипломатиялык маселелерди камтып, лирика-эпикалык деңгээлге чейин көтөрүлгөн.

Көп жашап, көптү көргөн журт атасы Көкөтөй өзү өлгөндөн кийинки элинин тагдырын ойлоп, санаасы санга бөлүнөт. Жалгыз уулу Бокмурундун «акылга пас», өзү «жаш», «дөөлөт мас» бейкапардыгына жана «атпай кыргыз калкынын башчысыз калгандыгына» катуу тынчсызданат.

Өлгөнүмдү элге билдирбей,

Өз малымды бүлдүрбөй,

Келген келин тоюндай,

Мени көмсүн

Жаш балдар кылган оюндай

Кемпирдин ашы кылсын,

Өлгөнүм, тирилигим билинбесин,

Өз журтум бүлүнбөсүн (Сагымбай Орозбаков, 3. 8),— деп баласына табышмактуу К. калтырат. Акылман карынын Бокмурунга «жети кылым эл жыйып «кампа толгон казынасын ачып», бар байлыгын калайык калкка жарыя кылууга тыюу салышы да калктын камын, бейкутчулугун ойлоодон чыгат. Көкөтөй ашка чакырылуучу элдердин ар бирин мүнөздөй келип:

Калмактан тыргоот, шибээн бар,

Жегени бака, жылан — мар

Кыргызга калба салбасын,

Кыжылдап жаткан кытайды

Чакырып ашка албасын (Сагымбай Орозбаков, 3. 15) «жетимиш түрдүү тил билген» Нескарага, «Оюктун боюн жердеген, Ойроттон киши жеңбеген» Ороңгу катынга, «алп Жолойго кабар жетпесин», — дейт. Кайнында жүрүп, атасы көз жумарда кашында болбой калып, К-ин Баймырзадан уккан Бокмурун:

Кыямат кеткен өзү экен,

Кыял деп айткан сөзү экен,

Акырет кеткен өзү экен,

Артындагы калганга

Аш бер деген сөз экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 35), калк башчылары, Манас менен кеңешип, туш-тушка кабар айттырып, сансыз мал союп, өлүктүн каада-салтын жасап, шааниси менен узатат. Андан кийин Бокмурундун калмак, манжу, кытайларга чейин кабар айттырып, чоң аш берүүгө камданышы менен окуянын андан нары өнүгүшө шарт түзүлөт.

Манастын К-и айрыкча Саякбай Карала уулунун вариантында кеңири жана көркөм айтылып, эпостун мазмундук өзөгү менен бекем тутумдаш. К. өтө оор жана кайгылуу жагдайда айтылат. Кичи казатта Алмамбет, Чубак, Сыргак баштаган кыргыз баатырлары согуш майданында окко учуп, Манас өзү катуу кайгы, оор жарааты менен элине кайтат. Журт башчысы Манасты жарык дүйнө менен коштошуу эмес, баатыр чоролорунун шейит өлүм болушу, жесир аяштарынын ый-зары, өзү өлгөндөн кийин ички, сырткы душмандардын курчоосунда башчысыз калып жаткан кыргыз элинин, жалгыз баласы Семетейдин тагдыры катуу тынчсыздандырып кабыргасын кайыштырат. Манастын К. жарык дүйнө менен коштошор мезгили жакындаганын сезген учурда акыл токтото, ой жүгүртүп, асыл жары Каныкейге өзүн кандай узатуунун, дос, душманын эскертип, өзү өлгөндөн кийин ага кимдер жөлөк болорун баяндап келип, «душманым кэп эле сөөгүмдөн өчүн албасын, бейлебес жерге жашыргын» дейт. Манастын Каныкейге:

Кан өлгөндө катынга

Төркүнү жакын болучу.

Сен Темиркан көздөй качып кет

Атаң Темирканга барганда

Колуңдагы Семетей

Кыркып бергин чыбыгын,

Кылып бергин ырымын,

Ит аягын кечирип,

Кылычтын мизин аттатып,

Арка чачын кесе көр

Тууганың Ысмайылга бере көр...

Жашы он экиге келгенде

Ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин,

Ошондо эне-ата жайын билгизгин (Саякбай Каралаев, 2. 225) — деген К. калтырышы калкынын келечегин ойлоодон, эл өз башчысына ээ болуп, душмандан өч ала тургандыгына ишенүүдөн келип чыгат. К. ырларынын эпостун мазмундук өзөгүндө, идеясында, поэтикасында алган орду, аркалаган жүгү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4