Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр

Википедия дан

Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр — Бообекова Кадиян, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты.

Кесип деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX кылымдын аягына чейин кеңири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши жыгач уста болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу. Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеңейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады (Кузгун, 1988, 97-б).

Бир кесипке ээ болуу үчүн билим алуу жана ал кесиптин кесип катары коомдо кабыл алынуусу керек. Кээ бир кесиптер түздөн-түз кишилер менен, кээ бирлери машиналар (станок, техника) менен; Кээ бири кишилер менен да техника менен да байланыштуу. Ошентип кесиптер: кишилер менен иштей турган, техника менен иштей турган, кишилер жана техника менен иштей турган болуп бөлүнөт (Кулаксызоглу, 1995).

Кесип - өмүрүбүздүн үчтөн бирин өткөргөн ишибиз, алагды болгон нерсебиз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кишилер менен кесиптердин арасында көптөгөн байланыштар бар. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, кишилерде окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат. Мисалы, куруучу менен мугалимди, милиционер менен инженерди салыштыралы. Алар кесиптери жана иштеген иштеринин негизинде бири-биринен айырмаланып турушат.

Кесиптер жалпысынан - товар өндүрүүчү (көзгө көрүнгөн) жана кызмат кылуучу (көзгө көрүнбөгөн) иш болуп экиге бөлүнөт. Кесиптердин саны канчалык көбөйгөн сайын, кесип тандоо да ошончолук оордошуп бара жатат. Мында максат көптөгөн кесиптердин ичинен бирин тандоо, бир чечимге келүү процесси болуп эсептелет. Адистикти тандоодо баланын ошол адистикке даярдыгы болушу керек (Өзжан, 1985).

Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалан гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кеңири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кылаарын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат. Окуучулардын стипендия, окутуучу - мугалимдерге айлык төлөгөндөн башка, ошончо убакыт коротуп плансыз түрдө даярдалган адистер кийин өздөрүнө ылайык иш таба алышпай кыйналышат. Бар болгону ишсиздер армиясынын санын көбүйтөт. Окуучулар өздөрүнүн табиятына төп келбеген кесиптерди тандоосундагы негизги факторлор - алардын иш жөнүндө толук билбегенинен улам келип чыгат. Лицей же орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына кайсы кесипти тандай турганын сураганда көбүнчө мурунтан белгилүү болгон кесиптерди тандаганы байкалууда. А бирок тандаган кесиптери алардын жекече өзгөчөлүктөрү, жан дүйнө байлыктары менен төп келбейт. Башкача айтканда, жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, кабыл алуусуна, ден соолугуна ж.б. көңүл бурушпай, кесиптер жөнүндө кеңири билбей туруп тандаган учурлар кездешет (Кузгун, 1988).

Кыргызстанда да акыркы жылдарда бир топ өзгөрүүлөр болуп, бул өзгөрүүгө жараша коомдун жаны адамын – жаны кесиптердин ээлерин даярдай турган көптөгөн университеттер, факультеттер, окуу борборлору ачылды. Кыргызстандын эгемендөө мамлекет болушу менен айрыкча акыркы беш жылда билим берүүдө жаңы типтеги мектептер, гимназиялар көбөйдү. Бул жаны типтеги мектептер - жалпы орто мектептер, гимназиялар, лицейлер, автордук мектептер, өзүмдүк, мамлекеттик мектеп, кыргыз – түрк кыз жана эркек лицейлери, экспериметалдык мектептер болуп, бардыгы 28 түрдөгү мектептер бар. Бул мектеп, гимназия, лицейлердин окуу программалары көбүнчө ошол мектептин коллективи тарабынан түзүлгөн. Бул мектептерде окуучуларга кийинки жылдардагы коомдогу саясий, социалдык, экономикалык өзгөрүүлөргө жараша экономика, эсептөө техникаларынын негиздери, компьютердик билим ж.б. түрдүү кесиптерге даярдыктар берилет (Мирошниченко, Иманкулова, 1996). Ар бир мектеп, гимназия өз алдынча программа кабыл алгандай эле, ар бир колледж, институт, университет, академиялар да өздөрүнө таандык программалар менен иштешет.

Азыр Кыргызстанда ЖОЖдордун кайсынында кандай кесипке даярдай турганын билүү үчүн ар бир окуу жайын кыдырууга туура келет. ЖОЖдор жөнүндө абитуриентке жол көрсөтүүчү маалымат китепчелерин жыл сайын чыгаруу, сатууга коюу зарыл. Акыркы жылдарда түрдүү окуу жайларынын санынын көбөйүшү менен жаңы бөлүмдөр да ачылып жатат. Бирок кайсы окуу жайында кандай факультеттер, бөлүмдөр бар экени жалпыга тегиз белгилүү боло элек. Информация жетиштүү болбогонунан, мектептердин бүтүрүүчүлөрү кайсы кесипти тандаарын билишпей, бир чечимге келүүдө кыйналууда. Көптөгөн кесиптердин эмне экендигин, бүтүргөндө каяктан иш таба ала турганы тууралуу айрыкча айылдын жаштары элестете алышпайт.

Орус педагогу Харламов кесипке багыттоодо буларга көңүл буруу керектигин белгилейт: "Мектепти бүтүргөндөн кийин окуучулардын көбү өндүрүшкө киришет. Аларга кесиптик багыт берүү үчүн коомдук пайдалуу эмгектин ар кандай түрлөрүн колдонуп, өндүрүштүн түрдүү тармагында өз күчтөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек" (Харламов, 1997, 358-б.). Кесипке багыттоодо окуучуларды ар кандай кесиптин түрлөрү, өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу зарыл. Бул окуу процессинде чечиле турган маселе. Окуучулар өмүрү өрнөк болгон кишилердин эмгек жолдору менен таанышат. Эѕ таасирдүү каражат болуп, кесиптер жөнүндө лекциялар, докладдар, аѕгемелешүүлөр, кесип тандоо кечелери эмгек каармандары менен жолугушуу эсептелет. (Харламов, 1997, 369-б.). Тигил же бул кесипти тандоодо ал кесип үчүн керек болгон кээ бир өзгөчөлүктөрдү, кесиптин өзгөчөлүгүн, оной жана опурталдуу жактарын коомдогу ордун, кесиптик оорулар, жөнүндө баланын билүүсү зарыл (Кулаксызоглу, 1995). Кээ бир иштер жалан гана акыл эмгегин талап кылат. Кээ иштер акыл эмгегин көп талап кылбайт. Бул учурда зээндүү бирөө мындай ишке канааттанбоосу жана ушундан улам өзүн бактысыз сезиши мүмкүн (Кузгун, 1988).

Бала чоңоюп коомго аралаша баштаганда чондордун кыймыл аракеттерин, бирөөгө жасаган мамилелерин (Кузгун, 1998) ар кайсы кесип ээлеринин кырдаалга жараша жасаган иштерин байкап, туурашат. Бул мамилелер баланын болочок кесиби үчүн үлгү болуп калышы ыктымал. Кээ биринин тандаган кесиби анын психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө төп келбеген учурлар болот. Же болбосо иштин жалаѕ гана жакшы жактарын билип, ал эми оор жактарын байкабай калат. Натыйжада ал кесипке ээ болгон күндө да өзүн бактысыз, эрки бош, колунан эч нерсе келбеген киши сыяктуу сезиши мүмкүн. Кээде бала кесип тандоодо өзүнүн жөндөмүн, деѕгээлин толук билбеши, ушундан улам тартынып бир чечимге келүүдө коркушу да ыктымал. Ошондуктан окуучуларга кесиптердин түрдүү жактарын ар тараптуу түшүндүрүү керек. Бул иш мектепте кеѕешчи / даанышман - психологдун, класс жетекчилердин, тарбиячылардын милдети. Жаштардын өздөрүнүн мүнөзүнө, жөндөмдүүлүгүнө төп келген кесипти тандоосу үчүн, кызыккан кесиптерди обьективдүү жана ар тараптуу изилдегенден кийин гана бир чечимге келүүсү абзел. Кесиптер жөнүндө туура жана так билүү, бир окуучуга төмөнкүдөй таасирин тийгизүүсү мүмкүн экендигин жана ал кесип боюнча төмөнкү суроолорго жооп издөө керектигин түрк психолог - даанышманы Кузгун мындайча көрсөтөт: Мисалы, - Баланын ден соолугунун чың болушу, бул кесиптин анын кишилик өзгөчөлүгүнө, ден соолугуна ылайык болгонун билүүсү зарыл. - Же болбосо жаш, бой, салмак, сырткы көрүнүштүн бул кесип үчүн мааниси, белгилүү бир шарты барбы? - Иш үчүн өзгөчө бир шыктын болушу керекпи? - Кесипти тандагандан кийин ал тармакта келечекте иш таба алуу ыктымалы кандай? - деген суроолорго жооп изделет. - Кишинин ишинин ийгиликтүү болушу - анын тандаган кесиби менен тыгыз байланыштуу (кесипти сүйүүсү, кайраты, сабырдуулугу, тырышчаактыгы, жөндөмдүүлүгү); - Кесип тандоо кишинин ал кесипти канчалык денгээлде жактырганына жараша өзгөрөт; - Кесип тандоо жашоонун башка жактарына да таасир этет (кайда иштейт, кимдер менен иштейт ж.б.); - Кесип тандоо демократиялык коомдун ошол иш күчүн кандай пайдаланаарына таасир тийгизет ( Кузгун, 1998).

Тандалган кесиптин мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- Тандалган кесип кишинин өмүр бою бир иштин ээси болушун жана ал иште ийгиликтүү иштешин көрсөтөт; - Кесип тандоо менен бирдикте ар дайым чогуу иштей турган кишилерди, жолдошторун, ал тургай кээ де өмүрлүк жарын тандоосуна да маанилүү роль ойнойт; - Өмүр бою бирге жашай турган чөйрөнүн өзгөчөлүгүн жана жерин; - Үй бүлөнүн тапкан кирешесин жана сарптоо өзгөчөлүгүн; - Кишинин өз ишине болгон мамилесин; - Жоопкерчиликтүү бир жумушчу же кызматчы экенин; - Иши менен сыймыктанып, турмушуна ыраазы, бактылуу же нааразы экенин көрсөтүүчү мааниге ээ (Тан, 1986.);

Кесип тандоодо маанилүү көрүнүштөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишилер кесиптерин түрдүү кырдаалга жараша тандашат. Бул болсо анын кесипти жетишээрлик денгээлде билип-билбегенине да жараша өзгөрөт.

Жекече өзгөчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жекече өзгөчөлүктөр инсандын (личностун) акыл-эсин, үйрөнүү жөндөмүн, түшүнүү, кабыл алуу деңгээлин көрсөткөн сапат болуп эсептелет. Кишилер өз ара акыл-эс деңгээли, адамкерчилигине, мүнөзүнө жараша бири-биринен айырмаланат. Бул кызыгуусуна, кабыл алуусуна, билимине де таасир тийгизет. Оѕой үйрөнүлө турган, ойлоо күчүн көп талап кылбаган кесипте иштегендер менен үйрөнүүсү оор жана акыл эмгегин, ойлоо күчүн талап кылган кесиптерде иштегендердин арасында айырма бар (Кулаксызоглу, 1998). Мисалы, заводдун цехинде ар дайым станоктон бир тетикти жасаган жумушчу менен ошол станоктун проектисин чийген инженердин иштери түрдүү ойлоо күчүн талап кылат.

Жөндөмдүүлүк кишиде өзгөчө сапат. Белгилүү бир иш-аракетти жасоо үчүн тубаса талант менен кийин үйрөнгөн "жасай алуу" күчүнө жөндөмдүүлүк дейбиз (Кулаксызоглу, 1995). Жөндөмдүүлүк кишинин кызыгуусуна жараша өзгөрөт. Мисалы, сүйлөө жөндөмү, эсептөө жөндөмү, искусствого болгон шыгы, музыкалык аспаптарда ойной алуу, сүрөт тартуу, жаны моделдер жаратуу ж.б.

Кызыгуу бир ишке белгилүү бир убакыт ичинде алаксуу же жакшы көрүү маанисинде; кесип тандоодо да он же терс таасир бериши мүмкүн. Кызыгуу көбүнчө белгилүү бир убакыттан кийин өзгөрүп, тарап кетиши, тескерисинче өмүр бою калышы да мүмкүн. Башкача айтканда ишке кызыгып кесип тандоо, убакыт өткөн сайын тандаган кесибинин ага төп келбегенин, жөн гана убактысын өткөрүп жатканын ойлоп, өзүн кызыктырган башка кесипти чечиши керек болот. Ошондуктан жаштарда өз кызыгуусуна жараша кесип тандоосу, тандоодон мурун жакшылап ойлонуусу абзел.

Кулк-мүнөз, бир кишинин башкалардан айырмалаган өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Жаштардын кесибин тандоосу мүнөзүнө жараша деген ойлорго караганда бирөө кесип тандап жатып, ошол эле убакта өзүн бул жолго салып жаткандыр. Бул жагынан алып карасак, кишинин өзү жөнүндө ойлоосу, өзүнө берген баасы менен тандаган кесиби арасында бир байланыш бар. Мындан "кесиптик мен тууралуу" сөз кылууга болот. "Кесиптик мен" кишинин кайсы кесиптик ролду жактырып жана сыймык менен тандаганы жөнүндө ойлорун чагылдырат (Кулаксызоглу, 1995). "Кесиптик менде" кесипти сүйүп, ошол кесипте өзүн ойлойт, элестетет, ортого коюп таанытат. Жаңылыштык менен, туура эмес кесип тандоо кишинин мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, ишине канааттанбоосуна түрткү болот, бат чарчайт ж.б. ишин сүйгөн кишинин мүнөз, көз карашы ошол кесипти чагылдырат. Мисалы, мугалим, доктор, инженер, ветеринар, адвокаттар кесиптеринде өздөрүн көрсөтүшүп, бир-биринен мүнөздөрү ого эле айырманалып турушу мүмкүн.

Жынысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы уруулар, элдер жашаган доорлордон бери эле кишилердин жынысы кесип тандоодо маанилүү роль ойногон. Байыркы замандарда да эркектерди анчы, каарман, үй бүлөсүн баккан; аялдарды болсо балдарды чоңойтуп, тарбиялоочу, үй иштерин жасаган бирөө катары көрүшкөн. Аялдын кесип тандоосу жана үйдөн алыс иштөөсү ХХ кылымга тиешелүү көрүнүш болуп эсептелет. Кээ бирөөсү бир окууну бүтүрүп иштеп жатышса, кээси үй иши менен алектенип иштей алышпайт. Жыныска байланыштуу коомдук көз караштар, ишенимдер жана пикирлер иштин өзүнө жараша кесип тандоого жол ачат. Мисалы, кесиби архитектор, инженер болгон же командировкага көп чыга турган, нөөмөткө (күзөткө) көп кала турган аялдар үй бүлө, турмуш шартына жараша иштей албаган учурлар көп болот. Ушул себептен кыз балдардын туура кесип тандоосуна жол көрсөтүп, коомдо эркектер үчүн да, аялдар үчүн да билинген кесиптерди айтып, анда иштеп кете алаарын, ошондо үй бүлө арка планга кала турганын түшүндүрүп бул кесиптин жакшы–жаман, кааланган жана кааланбаган жактарын ачык айтып, таанытуу керек. Азыр да мурунку убактагыдай эле кесип тандоодо жыныстын ролу бар. Кыздар көбүнчө үйгө тиешелүү же болбосо социалдык тармактарда кишилер менен же компьютер менен иштей турган кесиптерди тандашса, эркек балдар көпчүлүк учурда сыртта, үйдөн алыс, илимий изилдөөлөр менен алышып, техника менен иштей турган, саясатка байланыштуу болгон же күч эмгегин талап кылган кесиптерди тандашат (Өзжан, 1985). Азыр Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө, Японияда жалан гана "кыздарга ылайык" болгон, үй экономиясы, үй тиричилигин башкаруу токуучулук, тигүүчүлүк, дизайн, ашпоздук, балдар бакчасында тарбиячы, башталгыч класстын мугалими сыяктуу кесиптер берилет.

Кесип тандоодо да маанилүү роль ойногон башка бир фактор да физиологиялык өзгөчөлүк болуп эсептелет (Ерден, Фиданлы, 1994). Мисалы, кээ бир кесиптерде бою, салмагы, туюу органдарынын бешөөнүн тең чың болушу, шамдагайлык, ж.б. талап кылынат. Алсак, космонавт же учкучтарда көзү курч, ден соолугу чын болушу керек. Музыканттарда манжаларынын узун болушу, балерондордо атайын окуу жайын бүтүргөнү, артисттерде, мугалимдерде, кабарчыларда, кээде саясатчыларда, айрыкча дикторлордо дикциясынын так, үнү жагымдуу болушу талап кылынат.

Жаш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаштын кесип тандоодо да маанилүү ролу бар. Бала иштөө, кесипке ээ болуу жөнүндө кичинекейинен, мектепке чейинки курактан эле билип баштайт. Бирок бул убакта фантазиялык ойлоосу жана көңүл буруусу туруксуз болгондуктан, кесип жөнүндө ойлору өзгөрүп турат. Башталгыч класстарда балдардын кесип жөнүндөгү түшүнүгү кеңейип, бир кесипке ээ болуу тууралуу ойлору калыптана баштайт. Балдар мектепке чейинки куракта чоңдордун иштегенин туурап оюн ойношот. Ар кимдин бир иши бар экенин, бул иштердин арасындагы байланыштарды жана өзгөчөлүктөрдү байкашат. Орто класстарда кесип жөнүндө түшүнүгү дагы да кеңейип, өздөрүнө кайсы кесип ылайык экенин изилдей башташат. Уландык куракта да кызыгуусу өзгөрүп турушу мүмкүн, кыялданып, ар кандай кесипке ээ болууну кесипти ойлошот (Тан, 1986). Кесип тандоодо кээси 10-16 жашында бир чечимге келсе, кээси 20-22 жашында да бир чечимге келе албайт.

Үй бүлөгө таандык өзгөчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөнүн коомдо өзгөчө мааниси бар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланын кесип тандоосунда ар кандай таасири болот. Анын дүйнөгө көз карашы, кишилиги, кулк-мүнөзү, баалуулуктары, кызыгуусу, кесиптер жөнүндөгү түшүнүктөрү эң биринчи үй бүлөдө калыптанат. Үй бүлө мүчөлөрүнүн кесипке болгон көз карашы абдан маанилүү. Үй бүлөнүн экономикалык жашоо шарты баланын кесип тандоосунда таасир берет. Кирешеси көп же жетиштүү болгон үй бүлөдөгү балдардын көз карашы менен орто же аз кирешелүү болгон үйдөгү баланын көз карашы айырмалуу болоорун түрк психологу Кулаксызоглу белгилейт. Бала канчалык зээндүү болсо да кээде кирешеси аз үй бүлөнүн баласы каалаган кесибин тандоо бактысына ээ боло албашы мүмкүн (Кулаксызоглу, 1995).

Үй бүлө мүчөлөрүнүн билим денгээли[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ата-эне жана бир туугундар балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Үй бүлө мүчөлөрүнүн билим деңгээли, алардын келечек жөнүндө ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу балдардын ойлоруна да таасир тийгизет (Кулаксызоглу, 1998). Ата-эненин балдарга кесип тандоодо жардамдашуусу, алар менен кеңешүүсү зарыл. Бул жардам бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир ата-эне жоопкерчиликтен качып, "өзүң бил", - деп баланы өтө зарыл убакта жалгыз таштап койсо, кээде баласынын эмнеге шыгы бар экенин жакшы билбегени үчүн туура эмес көз караштар пайда болобу деп коркушат. "Өзүң бил", - деп балага ушундайча жардам берип жатабыз, тоскоол болбодук", -деп ойлошот.

Ата-эненин баласынан күткөнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөнүн баладан күткөнү, анын окуудагы ийгилигине, зээндүүлүгүнө жана ден соолугуна да байланыштуу. Баласынан күтүүсү аз болсо үй бүлө ага тескери таасирин тийгизет (Кулаксызоглу, 1995). Үй бүлөнүн баладан анын деңгээлинен (жасай ала турганынан) жогору, көп ийгилик күтүүсү да баланы кайгыртат. Өзү каалабаган кесипти ата-энесинин каалоосу боюнча тандап, кийин өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Баланы маселени өзү чечип, жоопкерчиликти өзү алганга үйрөтүү, көндүрүү зарыл. Бул иште мектеп психологунун ролу чон.

Авторитар ата (эне) да баланын кесип тандоосунда терс таасир берет. Өзүнүн көз карашы боюнча баланын каалоосуна жана жөндөмүнө көңүл бөлбөй туруп, өз кесибин баласынын улантуусун каалоосу баладагы личносттук "мен" түшүнүгүнүн калыптанышында терс роль ойнойт. Үй бүлөсүнө каяша айтып баштайт, атайылап ата-энесине жакпаган же алар тыюу салган нерселерди жасап баштайт, таптакыр чүнчүп, өзү менен өзү болуп, басмырт болуп кетет, депрессияга кирет, үйдөн качат ж.б.

Ата-эненин кесиптери да кээде баланы ойлонтот[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атага баласы окшош болгусу келет, анын кесиби кызыктырат. Алар үчүн кээ бир кесиптер башкаларына караганда маанилүү, сыйлуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Ошол кесипти алса баласы бактылуу болоорун же жакшы иш таба алаарын, кирешеси жакшы болуп, жашоо шарты да жеңил болоорун ойлойт. Кээ кесиптерди жактырбашы мүмкүн. Ата-эненин өз иштерин сүйүүсү, урматтоосу же башка сезимдери балага кесип тандоого бир жол көрсөткүч да боло алат. Кээде бир доктор ата баласынын да доктор болуусун каалаганы сыяктуу, кесип коомдо урмат көргөнүнө байланыштуу да көз караштар өзгөрөт (Өзжан, 1985). Кээ бир кесиптер балага оң таасир тийгизгендей эле терс да таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок, кыйнап кесип тандатуу зыяндуу.

Ата-эненин ишсиз же кайдыгер болушунун да баладан көптү күткөн сыяктуу эле терс таасири бар. Кээ бир ата-эне баарын балага таштап, кесиптер жөнүндө жакшы түшүнүктөрү болбогонун айтып, жардам берүүдөн качат (Өзжан, 1985). Ушул убакта мектеп психологунун кесип тандоо боюнча тесттерди жүргүзүп, анкеталарды толтуруп, алардын жыйынтыгы боюнча балдар менен аңгемелешип жол көрсөтүүсү чон мааниге ээ болор эле.

Аймактык- өзгөчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесип тандоодо жашаган жер, айлана – чөйрөнүн чоң ролу бар. Үй бүлөнүн тааныштарынын, тууган-туушкандардын кесиптери, баланын жолдошторунун каалаган кесиптери, жашаган жери, району, техникадагы жетишкендиктер, радио, телевизор, басма сөз ж.б. баланы ойлондурат. Техникадагы жетишкендиктердин натыйжасында кол менен жасалган көп иштердин автоматтык, жарым автоматтык түрдө оңой жана бат жасалуучу иштер, кесип тандоодо белгилүү деңгээлде ойлонтот. Аймактык айырмачылык да ролго ээ. Мисалы, ошол аймакта шахта болуп же бир кен табылып ал жерде иштөө, же башка иш бар болсо бөлөк жерге барбай эле ошол жерде иштөө ыңгайлуу. Аймакка жараша, тамеки иштетүү, мал чарбачылыгы боюнча адистерге ж.б. оңой иш табылышы мүмкүн.

Кесип тандоодо өлкөнүн кайсы кесипке кандай план түзгөнү да маанилүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мисалы, 1985-жылдагы Жаны Билим Берүү Реформасынан кийин өлкөдө инженерлерге жана "адам жанынын инженерлери" болгон мугалимдерге өкмөт тарабынан коюлган талапка жараша ушул адистиктерди тандагандарын (анын ичинде жанылыш тандагандардын да) саны көбөйгөн. Кээ бир кесиптерге болгон талап мезгилдерге жараша көбөйөт же азаят (Кулаксызоглу, 1995). Булар өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө байланыштуу. Кээ бир аймакта адис даярдоодо кесиптик техникалык окуу жайлары маанилүү роль ойнойт. Кесиптик, орто же жогорку окуу жайларында, завод же фабриканын өзүндө курстардын болушу ал аймактагы жаштарга жардам берет. Кээде аймактык өзгөчөлүктөр жаштардын ал адистикти тандоосуна түрткү бериши мүмкүн же тескерисинче жактырбай качуусуна да негиз болот.

Жаштардын көбү өз кесиптерин ойлонбой туруп тандашат. Мурда жакшы билбеген кесип жөнүндө ал кесип ээсинен маалымат алуусу да таасир берет. Кээде таанымал артист, ырчы, сүрөтчү, жазуучулар да шыктандырат. Кээде телевизордо, радиодо уккандары, окуган китептердеги, газеталардагы, көргөн кино фильмдердеги каармандар да таасир этет. Же өзү үлгүлүү деп ойлогон, жакшы көргөн кишинин адистиги да аны ойлонтуусу ыктымал. Карман жөнүндө жазылган китеп, макала, анын ийгиликтүү иши ошол кесипке кызыктырат. Кээде жакшы реклама да жаштардын ошол адистикке кетүүсүнө өбөлгө болсо, кээде "мода" болгон кесиптер роль ойнойт.

Албетте, кесип тандоодо баланын кийин ал тармакта иш таба алуу ыктымалы, анын жөндөмү да эске алынуусу, кандай түрдөгү иш экени жакшылап изилденүүсү керек экенине жогоруда токтолгон элек. Улам убакыт өткөн сайын коомдун жана билим менен технологиянын өнүккөнүнө байланыштуу жаны иш түрлөрү да пайда болууда. Коом өнүккөн сайын өзү менен бирге кээ бир маселелерди да алып келет. Ал маселени чече турган кишиде жаңы көндүм, билгичтиктерди да талап кылат. Кийинки жылдарда гана кесип же иш катары тааныла баштаган жана элдин көңүлүн өзүнө абдан бурган жаны убаракерчилик (иш) түрлөрүнүн кээ бирлерин мисалга алсак: М: мээ инженери, бош убакыт инженери, генетика инженери, акча жумшоо инженери, чөйрө - пейзаж инженери, түссүз таштар менен иштеген инженердик ж.б. көптөгөн кесиптердин бир канчасы гана.

Айрым учурларда "акча таба алам" деген ой менен жаштар соодага байланыштуу адистикти тандашат. Бул болсо алардын ошо адистиктин ысык-суук жактарын жакшы билбегенинин натыйжасы. Айрымдары иши тынч болсун деп, "оңой" адистикти тандашат. Албетте бул кесип бала ойлогондой "оңой" болбой калышы да мүмкүн. Мисалы, бала бакча тарбиячысы, башталгыч класстын мугалими. Кесип жөнүндө билбей туруп бир чечимге келүү, кийин баланын күтпөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп, кыйналуусуна себеп болот. Кантаржы мектептерде кесиптик багыттоо абдан чон мааниге ээ экендигин баса белгилейт (Кантаржы, 1992, 15-б.). Мугалимдер жана психологдор ата-энелер менен бирдикте иштеп, баланын адистигин тандоосуна туура кеңеш берүүсү алардын жана өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү. Сүйбөгөн кесипте иштеп, ишинен ийгиликсиз болуп, ден соолугун да бузуп алгандан көрө, ден соолугу чын, ишин ийгиликтүү аткарган адистерге, кызматчыларга өлкөбүз муктаж. Кесипке багыттоодо психолог-даанышман окуучулар, мугалимдер, ата-энелер менен бирге буларды жасоосу керек: - окуучулардын "мен" түшүнүгүн белгилейт. - класс жетекчилерге кесип тандоого кандай жол көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат берет. - мектептеги мугалимдер жана өндүрүш менен байланышта болуусу зарыл. - окуучулардын кайсы темада, кайсы тармак жөнүндө дагы көбүрөөк билгиси келип жатканын тактайт. - кесипке багыттоо ишин сөзсүз бир программа менен жүргүзүшү зарыл. - керектүү материалдар даярдалат. - ЖОЖдорго, атайын орто окуу жайларына, түрдүү ишканаларга экскурсия пландаштырылыт. - класстык жана ата-энелер чогулушу өткөрүлөт.

Корутунду жана сунуштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесипке туура багыт берүү, өлкөнүн да, жаштардын да кызыкчылыгы үчүн маанилүү. Туура жол көрсөтүлүп, кесибин сүйгөн, иштерман жаштарды, билимдүү, өз ишинде, тармагында күчтүү кесип ээлерин даярдоо келечек үчүн пайдалуу иш жасагандын көрсөткүчү болуп эсептелет. Мектептердин көбүндө кесипке багыт берген, кесиптерди тааныткан иш чаралар көбүнесе формалдуу түрдө болуп, жылда бир- эки жолу гана өткөрүлөт. Ал чогулуштарда билинген гана кесиптер жалпы жонунан тааныштырылып, башка кесиптер жөнүндө кенири маалымат берилбей, ал кесиптердин оор тараптары айтылбай, кайсы кесипке кандай окуу жайын бүтүргөндө ээ болоору жөнүндө маалымат берилбей келүүдө. Окуучу өзүнүн эмнеге шыктуу экенин, эмнелерди жасай ала турганын толук билбей, өзүнө ишене албаган учурлар көп кездешет. Багыттоо ишинде булар маанилүү:

  • Кесипке багыт берүүдө эн башкасы – туура чечимге келүүнү үйрөтүү. Окуучу өзүнүн каалоолорун, шыгын билүүсү керек; кесиптердин талап кылган өзгөчөлүктөрүн салыштырып, бир чечимге келет (Кундуз, 1988).
  • Экинчи маанилүү нерсе – баланын ЖОЖдор жөнүндө маалыматы болуусу. Ошондо гана туура кесиптик багыттоо болот. Кесипке багыттоодо баланын эн көп кайсы кесип жөнүндө билгиси келгенин тактап, анан кесиптер жөнүндө маалымат жана кесипке багыт берилет (Кепчеоглу, 1993, 36-б). Кесиптик жөндөмдөрдү аныктоого байланыштуу тесттер баардык мектептерде жүргүзүлбөйт. Жөндөмдөрдү, шыктарды өлчөй турган атайын шкалалар даярдала элек. Мындай шкалалардын даярдалуусу жана мектеп психологдоруна буларды кандай колдоноору тууралуу маалымат берилүүсү зарыл.
  • Кесип тандоо боюнча өлчөм - шкалалардын даярдалуусу жана окуучуларды тестирлөө, жыйынтыктоо, колдонуу иши мектеп психологдоруна үйрөтүлүүсү зарыл.
  • Бир кесипти алуу үчүн кайда, канча жыл, канча ай окуйт; бул суроолор такталуусу керек. Ар бир кесипти каяктан ала ала турганы, кайсы окуу жайында окуй турганы, бүтүргөндө кандай квалификация (адистик) берилээри, окуу жайларынын тизмеси, адреси жөнүндө китепчелердин даярдалуусу абдан маанилүү.
  • Ал кесипке ээ болгондон кийин өз адистиги боюнча иш таба алуу ыктымалы, кошумча иш мүмкүнчүлүгү, кимдер менен жана эмнелер менен иштей турганы тууралуу маалыматтардын китепчеге жазылуусу, ал китепчелердин мектептерге таратылуусу да окуучулар үчүн абдан мааниге ээ.
  • Кесипке багыт берүүдө ата-энелер, предметтик мугалимдер менен чогуу иштөө керек. Анткени, кесип ээлери менен жолугушуу, кесипке багыт берүү кечелери, чогулуштар, кээде рекламалар баланын кесип жөнүндө толук билбей туруп шашылып тандап алуусуна себеп болушу ыктымал.

Кесипке багыт берүү өлкөбүздөгү мектептерде кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөгү мектептерде жүргүзүлгөн кесиптик багыттоо иштеринен бир аз артта калды. Себеби, баарынан мурда, кесипке багыт берүүчү даанышман мугалим -психологдор баардык мектептерде жетиштүү эмес. Ошентсе да азыр мектептерде психологиялык сервистер (кызматтар) жанданып, өнүгө баштады дешке болот, мындан ары да сөзсүз өнүгөт деп үмүттөнөбүз.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Fidan N., Erdem M., "Eğitime Giris" Hacettepe universitesi, Ankara, 1994
  • Kantarci C., "Orta Dereceli Okullar için Rehberlik" MEB Yayinlari, 1992, Istanbul
  • Kepçeoglu M., "Psikolojik Danisma ve Rehberlik", Ankara, 1993
  • Kulaksizoglu N., Kulaksizoglu A., " Meslekler Rehberi", Istanbul, 1995
  • Kulaksizoglu N., Kulaksizoglu A., " Meslekler Rehberi", 2 baski, Kavram Yayin., Istanbul, 1998
  • Kuzgun Y., " Rehberlik ve Psikolojik Danismanlik ", OSYM Yayinlari, Ankara, 1998
  • Мирошниченко,Л. П., Иманкулова, M. "Инновационные школы Кыргызстана", Бишкек, 1996
  • Özcan A.O., "ulkemiz icin Isabetli Olabilecek Bir Meslege Yoneltme denemesi", Edebiyat Fakultesi, Istanbul, 1985
  • Tan H., " Psikolojik Danismanlik ve Rehberlik " , MEB Basimevi, Istanbul, 1985, 1. baski
  • Tan H., " Psikolojik Yardim Iliikileri Danisma ve Psikoterapi" MEB Basimevi, Istanbul, 1986
  • Харламов И.Ф., "Педагогика", "Юрист", Москва, 1997, 3 изд.