Кефир

Википедия дан

Кефир — сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87оC температурада 5–10 мин же 90–92оСде 2–3 мин пастерленип, 19–23оСге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% кефир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган килкилдек продукт 8–10оС температурада түрдүү убакытка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкылдуулугу ар башка (80–120оТ) Кефир алынат. Өтө ачыган Кефирде сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) Кефир чыгарат. Кефир көбүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз жана полиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда Кефир сиңимдүү жана мүнөздөп тамактанууда пайдаланылат. Өтө ачыган Кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0оСден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9