Айран

Википедия дан
Айран

Айрансүттөн уютулуп жасалган кыргыздын эзелтеден келе жаткан тамагы. Бышырган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айран) салып, идиштин бетин жаап, жылуулап ороп, жарым күндөй (аба-ырайынын шартына, абанын даражасына ылайык 6-8 саат) коюшат. Айран байыртадан көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенген элдердин негизги тамагы болгон. Бул тууралуу жазма маалыматтарда да чагылдырылат. Андан сүзмө, ал эми сүзмөдөн курут жасалат. Айран сорпого кошулса - ак серке жана ала дөң, сууга кошулса - чалап, талкан кошулса аш айран деп аталары маалым. Түркияда жана Грецияда айран йогурт деп аталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]