Кешм аралы
Кешм аралы — Ормуз кысыгындагы арал. Ал Иранда жана Перс булуңундагы эң чоң арал болуп эсептелет. Булуңду н түбүнө чейин жеткен 120 км түзгөн бул аралдын тропикалык табияты абдан кооз жана түркүн келип, анын түзүлүшү дельфинге окшош. Андан да бул аймактагы жергиликтүү калктын этникалык түзүлүшү абдан кызыктуу, бул жакта ирандашкан арабдар “Бендери” калкы жашайт. Бул жакта бутунун учуна чейин жеткен ак чапан, башына чалма кийген мырзаларды жана гүлдүү чадор кийип, бетине оймолуу чүмбөт кийген айымдарды көрүүгө болот жанаайымдардын чүмбөттөрүнүн кээ бири тропикалык куштун башы сыяктуу болуп кетет. Ал эми аралдын фаунасы да ар түркүн. Бул жерде түрдүү түстөрдөгү куштарды жада калса эң уулу жылан болуп эсептелген кобраны да көрүүгө болот. Андан тышкары балыкчылар эң аз тропикалык деп эсептелген балыктарды кармашат. Ар бир кыштактын четинде жок дегенде эле бирден балык улоо үчүн кайыктар кетүүчү “эскеле” бар. Бул аралдагы Кешм шаары жөнүндө айта кетсек, бул шаар абдан кооз жана чоң шаартранзиттик пункт катары белгилүү. Бир гана ушул жерде башка материктер менен расмий билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүн. Күндүзү 2 саатта бир Бендер Аббаска ичине жергиликтүү алып сатаарлардын буюмдары толтурулган, үнү акырын чыккан кемелер каттап турат. Бул арал эркин соода болуп саналып башка жактан алынып келинген товар (негизинен Эмираттардандан келген товар) үчүн пошлина алынбайт деле. Андыктан жергиликтүү соодагерлер үчүн товар ташуу пайдалуу иш. Ал эми бул ишти контролго алуу үчүн атайы бажы кызматы бар. Мындагы таможнядан өтүп жаткан кооз чадра кийген аялдар баштыктарынан ар кандай буюмдарды алыш чыгышы, бажы кызматкери алардын тизмесин жазуусу абдан кызыктуу көрүнүш. Ал эми туристтер болсо ээн эркин өтө алышат.
Бендер Латф
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Деңиздин жээгинде жайгашкан ири кыштак Бендер Латф аралдын эң бир кооз жерлеринин бири. Бул кыштакта традициялык духта салынган үйлөрдү, атайы шамал өткөрүүчү курулушу менен (байыркы замандын кондиционер сыяктуу өзгөчө шамал өткөрүүчү курулушу) салынган кезиктирүүгө болот. Андан да кызыктуусу азыркы заманда да бул кыштакта үйлөр ошол эле эски стилде салынып жатканында.
Табаль
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калың чыккан Мангр өсүмдүгү Кешмдин бирден бир өзгөчөлүгү болуп саналат алар Бендер Лафтан бери калың болуп өсөт. Бул өсүмдүктүн калың чыгышы Таблянын ички жээгине чейин бир канча километрге созулуп өсөт. Ал эми жергиликтүү тургундар туристтерге абдан кызыктуу болгон чоң өсүмдүктөрдү көрсөтүп пайдалуу киреше алып келүүчү иш-чара түзүшкөн. Танг-е Чыхкук укмуштуудай таң калаарлык жер! Миң жыл мурун жер титирөөнүн натыйжасында тоо жарылып, ортосунда бир нерсе менен кесип койгондой түз жол пайда болгон. Табияттагы шамалдын согушу жан жаандын жаашынын натыйжасында ал жолдун жарлары укмуштуудай калыптанып калган. Азыр жар сыяктанган тоонун дубалдарынан өтүп бара жанкатдарга таң калаарлык жиндердинби же шайтандардынбы жүздөрү карап турган сыяктуу сезилет. Кээ бирлери мурду чоң тапан маскарапоздорго окшошсо, башкалары көздөрү чоң жана чуңкур жайланышканырайы суук адамдарды элестетет. Ал эми капчыгайдын так ортосунда кимдир бироо тарабына эки кудук салынган. Алардын биринен жылдын суук мезгилинде желим идиш менен муздак тоо суусун сузуп алса болот. Капчыгайдын кире бериш жеринде чытырман бадал алардын арасынан тикенектүү акация бадалын алууга болот. Бир нече жыл мурун Танг-е Чахкук баруу абдан татаал эле, ал эми азыр атайы тоого арналган Джип машинасы менен оңой эле жетүүгө болот. Бул жолдун оң жак капталындагы жар деңизге жакыныраак жайгашкан. Жардын оң тарабы анча чоң эмес тегиз дөңсөө жана учу учтуюп чыгып турган жар да байкалбайт, ал эми бул жар чынында эле төннүүн башын жана өркөчүнө окшошуп кетет. Анын сол тарабында майда таштардан салынган кең жол бар. Анын башында темир тактачада капчыгай жөнүндө маалымат жазылган.
Нойдун кемеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кешм шаарынан Суза тарапка 10 км аралыкта жарда жайгашкан үңкүрчөлөр жайгашып аты Харбос деп аталат. Алардын биринде болжол менен 400 жыл тарыхы бар Нух пайгамбардын кемесин чагылдырган барельеф жайгашкан. Булардын бары жоң жолдо элдердин ары бери өтүүчү жолунда жайгашкан. Бул үңкүрлөрдү көрүү үчүн атайы тепкичнер салынып, аладын кире бериши тосмо менен тосулгандыгына карабастан анын ичине кирүү абдан жеңил. Бул барельфте жөнүндө “Үңкүрлөр шах Аббас Iдин заманында алар португалдыктардан кутулгандан соң Ирандыктар тарабынан жасалган” деп атйлышат. Жакында эле Харбостун жданынан абдан чоң киттин сөөктөрүн табууга мүмкүн эле, бирок, тилекке каршы азыркы күндө алар сакталып калган эмес.
Суза
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суза - бул шаардан кичиреек, кыштактан чоңураак келген аймак. Бул жерде дайранын толкуну толкуп суу жээктен 100 сетрге алыстаган маалда деңиз жээгиндеги маржан рифтерин көрүүгө болот. Бул жерден деңиз крабын, деңиз кирпилерин жана көптөгөн үлүлдөрдүн кабыгынын түрлөрүн көрүүгө болот. Ал эми деңизд сүзүүчү кийимдери бар туристтер деңизге сүзүп, анын түбүндөгү деңиз жылдыздарын, балыктардын түрүн көрө алат. Сузадагы балыкчылар таң эртең балык улоого чыгышып, кечинде кайтып келишет. Алардан балыктардын түрүн сатып алууга же болбосо жөн гана алууга да болот. Ал эми таң эртең барган туристтер балыкчылар менен кошо балыкка да чыгып, оз колдору менен балык улоо мүмкүнчүлүгүн ала алышат.
Намакдан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эл жашаган аймактын аты фарсы тилинен которгондо “туз салган идиш же туз салгыч” дегенди билдирет. Бул ат жөн гана аталып калган эмес. Бул жерде кадимки эле тамака кошулган туз чыгарылган, бул жерде чоңдугу 6200 м түгөн, дүйнө жүзү боюнча эң узун деп эсептелген туздуу үнкүрлөр да бар. Чөгүп кетүү коркунучу жок үңкүрдөгү туздуу суунун жылуулугу 27 гр. жетет. Намакданда туруктуу жашоочулар жок, бирок жайы кышы дебей түрдүү мамлекеттерден келген үңкүр изилдөөчүлөр (спелеолог-үңкүр таануучу) жашашат.
Баньян дарагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иран боюнча Баньян (Бенгал фикусу) сыяктуу зор дарактарда болгон экоо гана. Биринчиси дарактардын чоңу Киш аралында, ал эми экинчиси андан кичирээги Кешм аралында жайгашкан. Кешм аралындагы баньян дарагы Рамкон айылына жакын жерде. Бул дарак фарсы тилинде “Дарахт-е лор” деп аталат.
Мангр токою
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иран жрегеси Аллах мээримин чачкан жер. Ирандын ар бир жери ажайып табиятка жана кол кол тийгис тазаа жерлерге бай. Ал эми токой деген сөздү угуп туруп, түрдүү куштар жана жырткычтар менен катар катар өскөн бийик бийик дарактары бар чытырман токойду элестетебиз. Бирок биз атып жаткан Мангр токойдун дарактары жөнөкөй тазаа сунунун оордуна деңиз туздуу суусу менен сугарылат. Жада калса бул дарактар деңиз жээгинде өскөндүктөн деңиз толкуну менен кошо ары бери ыргалып ажайып кооздукту жаратат. Мындай токой Египетте, Сауд Аравияда жана Ирандын түштүк бөлүгүндө гана бар. Бендер Абасстан бул даракты “хара” деп аташса, Белужестанда “тамр”, башка райондордо “тул”, ал эми араб тилинде “шури” же “шуре” деп аташат. Кешм аралында өскөн бул дарак 7236 га ээлеп, туурасы 50дөн 500 метрге чейин ал эми узундугу 150 км аянтты ээлейт.
Хангам аралы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кешам аралыныны түштүк тарабынан 2 км аралыкта Хангам аралы жайгашкан. Бул арал шаарчалар жана айылдардан туруп, эски Хангам, жаңы Хангам жана Хамаси деп бөлүнөт. Бул аралдын жээгинде туру деңиздеги дельфиндерди, деңиз үстүндө учуп жүргөн түрдүү канаттууларды көрүүгө болот.
Португалдын сепили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Португалдыктар 1507-жылы Перс булуңуна бир нече жолу кол салышкан. Алар 110 жыл аралыгында Перс булуңуна сепил курдурушкан. Ал эми 1623-жылы Сефевид династиясы башкарып турган мезгилде перс полководецтеринин бири португалдыктарды жеңип, Перс Булуңундагы португалдыктар ээлеп алган жерди бошоткон.