Кеңарал шаар чалдыбары

Википедия дан

Кеңарал шаар чалдыбары – 10–12-кылымдарга таандык шаар калдыгы. Талас облусунун Бакайата районуна караштуу Кеңарал айылынын түштүгүнөн орун алган. Ал бир нече комплекстен турат. Шаардын дубал менен курчалган борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтук формасында. Бузулган дубалдарынын бийиктиги 1,5 м, түп жагынын калыңдыгы 12–15 м. Кире турган үч эшиги болгон. Андан станокто жасалган ар түрдүү формадагы карапа идиштер: мойну ичке, казанга окшош идиштер, табактардын сыныктары табылган. Ошондой эле бул комплекске 0,4 км түштүк-батышта жайгашкан Төрткүл кирет. Төрткүл жактары 44 м болгон 4 чарчы формасында. Шаар чалдыбарына жакын жердеги көрүстөндөн 10–12-кылымдарга таандык карапанын сыныктары, моңгол дооруна мүнөздүү чырактар табылган.

     Gategoru:Кыргызстан
     Gategoru:Мурас
     Gategoru:Исскуство
     Gategoru:Тарых

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.