Төрткүл

Википедия дан

Төрткүл

1) Орто Азиядагы супа сымал калдык тоолордун жергиликтүү аталышы. Негизинен горизонталь багытында жаткан чөкмө тектерден түзүлүп, негизги платодон же дөңсөөдөн эрозиялык процесстердин натыйжасында бөлүнүп калган үстү тегиз, капталдары тик супа сымал рельефтин формалары. Амударыянын оң жээктеринде, Торгой платосунда ж. б. жерлерде кеңири таралган;

2) байыркы замандан калган шаар, сепил урандылары; к. Чалдыбар макаласын;

3) кыргыз тилинде «төркүл» - «төрт бурч», «төрт булуң» деген да маанини билдирет. «Төрткүл» топоним же анын бир компоненти катары да кездешет; мис., Кыргызстандагы Төрткүл аталган жер, суу с., Казакстанда - Төрткүл, Сулутөрткүл, Кантөрткүл чокулары, Сарытөрткүл дөңсөөсү, Каракалпакстанда - Төрткүл суу с., Түркмөнстанда - Дөрткүл дөбөлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2