Кеңдик барит кени

Википедия дан

Кеңдик барит кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 65 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. 1958-ж. изилденип, бааланган. Төмөнкү Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө катмардын ичинде бариттин калыңдыгы 0,8–1,2 м, узундугу 20–84 м болгон үч тарамы кездешет. Барит өзүнүн химиялык сапаты боюнча А классына тийиштүү жана литопон порошогун алууга жарамдуу. Эсептелген запасы С1 категориясы боюнча 492 т, С2–3463 т, С1+С2–3955 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]