Кеңешме

Википедия дан

Кеңешме - Дипломатиялык тилде бир келишим, макулдашуу, сүйлөшүүгө таянып түздөн-түз эле бир мамлекеттин экинчи бир мамлекет менен же бир канча мамлекеттер менен белгилүү бир темада же шарттарда жолугушуусу.

Мисалы, 1960-жылы 16-августта Кипр, Түркия, Греция жана Англиянын ортосунда Гарантия конвенциясынын 4-беренесинде эгер бул келишим бузулса, келишимдин ишке киргизилиши үчүн кайрадан бул өлкөлөрдүн чогулуусу жөнүндө белгиленген. НАТО конвенциясынын жүргүзүлүшүндө Министрлер Кеңешинин жыйындарында жана Туруктуу Делегациялардан түзүлгөн Кеңеште шериктеш мүчөлөрдүн ортосунда да туруктуу жыйналыштар болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9