Кеңкол андалузит кени

Википедия дан

Кеңкол андалузит кениТалас районунда, Талас шаарынан 25 км түндүк-чыгышта, Кеңкол суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте. 1936-ж. табылган. Эни 2–3 км, узундугу 11–12 км болгон андалузит минералынан турган метаморфизм тектери, кеңкол аляскит интрузиясынын экзоконтагына тушташ жатат. Мында 3 кен таш тулкусу бөлүнгөн. Биринчисинин узундугу 2 км, калыңдыгы 300 м; андалузиттин өлчөмү 25,5%ке чейин жетет. Калган эки кенташтын тулкусу анчалык чоң эмес. Кендин жарамдуулугу изилденип баалангандан кийин белгилүү болот. № 1 кенташ тулкусунун болжолдуу ресурсу 75–80 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]