Кеңкол базальт кени
Көрүнүш
Кеңкол базальт кени – Талас районунда, Талас шаарынан 28 км, Кара-Жылга тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте. 1991-ж. геологиялык карта түзүү маалында табылган. Туурасы 150 мден 600 мге чейин, уз. 2,6 км болгон линза сымал базальт теги палеогендин көк турпак свитасында жатат. Базальттан экинчи категориядагы минералдык була алууга болот. Болжолдуу ресурсу 21 млн м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9