Кең-Аң туз кени

Википедия дан

Кең-Аң туз кениЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Кең-Аң сайынын башталышында, деңиз деңгээлинен 2200–2300 м бийикте. Нарын свитачасынын (калыңдыгы 15–35 м) туздуу чопо катмарынын арасында 3 мге жеткен галит кабаты кездешет. Галит күңүрт түстө, ири кристаллдуу. Хлордуу натрийдин орточо өлчөмү 65,11%. Запасы С2 категориясы боюнча 175 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]