Кең-Кол мрамор кени

Википедия дан

Кең-Кол мрамор кениТалас районунда, Талас шаарынан 15 км түндүк-чыгышта, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Кең-Кол өрөөнүндө. 1968-ж. табылган. Кен аймагын рифейдин метаморфизмделген тоотектери түзөт. Мрамор сланец тектеринин арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыңдыгы 70–150 мден 330–410 мге чейин, узундугу 11,5 км Өңү боз, күрөң, ак, саргыч боз, саргыч кызгылтым, жол-жол темгилдүү. Блоктуулугу 0,5 м3ге чейин. Жакшы сайкалданат. Запасы 3 млн м3. Белектик кооз буюмдарды жасоого, имарат дубалын кооздоп каптоого колдонсо болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]