Кидик кошаяк

Википедия дан

Кидик кошаяк (Allactaga elater), (Lichtenstein (1825)):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк-Батыш Кытай, Түркия, Иран, Афганстан, Чыгыш Кавказдын башынан тартып, Зайсан ойдуңуна чейин чополуу чөлдөрдө жана жарым чөлдөрдө жашайт. Орто Азия менен Казакстандын ойдуңдарында кездешкени белгилүү. Анын таралышы Аму дарыя өрөөнүндө, Вахшада, Чүй, Или, Балхаш тегерегинде жана чөлгө окшош башка жерлер белгилүү. A.E. vinogradovi түрчөсү Казакстандын Жамбул областында, Кыргызстанда Чүй жана Талас өрөөнүндө кездешкени белгилүү.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейрек чөптүү жана бадалдуу өсүмдүктөрү бар чополуу тегиз чөлдүү участкаларда жашаганы жагымдуу келет. Чуй өрөөнүндө Кыргыз тоо кыркасынын бөксөөсүнөн өйдө чыгышпайт, Талас тоо кыркаларында кош аяктын жогорку чеги деңиз деңгээлинен 2200 м ге чейин жетет . Ушул жерлерде дагы эле айдоонун жер платосунда жайылган. Токойлордо, бадалдарда, саздуу, айдалган жана сугат жерлерде жашабайт. Талас өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө кош аяктар чанда гана чийлер өскөн кумдуу жерлерди ээлешкен .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн автомобилден санаганда (санак жүргүзгөндө) 10 км маршрутта 7 кемирүүчү кездешкен, Талас өрөөнү үчүн бул көрсөткүчтөр 1,5-2 эсе жогору . Демек, жалпысынан алганда саны ага мүнөздүү жерлерде төмөн. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кош аяктар жупташып жүрүүчү жаныбарлар. Кичи кошаяктардын ийиндери туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт. Туруктуу ийиндери убактылууларга караганда бир топ алыстыкта турат. Ийиндери бири-бири менен жакшы билинүүчү издер же жолдор менен байланышып турат . Кичи кош аяк өзүнүн жашоо тиричилигин түнкүсүн гана өткөрөт. Сутканын жарык мезгилинде ийиндеринен чыкпайт. Талас өрөөнүндө жылдын муздак мезгилинде чээнге киришет, б.а. октябрдын экинчи жарымында, ал эми апрелдин биринчи декадасында (биринчи он күндүк) чээнден чыгышат . Чүй өрөөнү үчүн сезондук активдүүлүгүнүн мөөнөтү жылуу климатка байланыштуу узарган. Ноябрдын аягында чээнге киришип, мартын башында ийиндеринен чыгышат . Ошол эле Чүй өрөөнүндө көбөйүүсү мартта башталат . Талас өрөөнүндө кош аяктар кечирээк көбөйүшөт-апрелден август бою . Кээбир особдор жаз-жай мезгилинде эки жолу төлдөшөт. Түйүлдүктун саны 2-5ке барабар . Жазында кош аяк өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүкчөлөрү менен азыктанат, жайкысын (жайында) жеминин көпчүлүк бөлүгүн уруктар, мөмө тамырлар, эфемер менен эфемероиддердин тамырчалары түзөт. Кош аяктардын азыгынын (тоготунун) белгилүү ролун курт-кумурскалар – көпөлөктөрдүн гусеницалары, түз канаттулар, кумурскалар, ж.б. аткарат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын чарбалык ишмердүүлүгү менен байланыштуу болучу жаныбарлар жашаган жерлерди өздөштүрүү: жерди айдоо жана кургатуу ж.б. Көбөйтүү (колдо кармоо). Кош аяктарды колдо багып (кармап) көбөйтпөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакта коргоо чаралары колдонгон эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мүмкүчүлүккө жараша азыркы убакта жашаган жерлерди (жерлерин) сактоо.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VII категория, Lower Risk/ l east concerned, LR/ l c.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]