Киекбаев Жалил Гиниатович

Википедия дан

Киекбаев Жалил Гиниатович (1911-1968) - башкырт түркологу, алтай тилдерин изилдөөчү.

Башкыртстан илимге эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору (I960).

Москвадагы Биринчи чет тилдер педагогикалык институтун бүткөн (1937).

Киекбаев бир топ жыл мектепте жана жогорку окуу жайларда иштеген. Ал башкырт жана айрым алтай тилдеринин маселелери жөнүндөгү 70тей илимий эмгектин автору. Ленин жана “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланган.

Чыгармалары: Введение в урало-алтайское языкознание. Уфа, 1972.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9