Кижондон

Википедия дан
Кижондон
기정동
Өлкө

Корей Эл-Демократиялык Республикасы

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

([[]])

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор

Кижондон ( кор. 기정동?, 機井洞?) Түндүк Кореядагы демилитаризацияланган аймакка жакын жайгашкан айыл. Батыш мамлекеттеринин маалымат каражаттарында бул айылды «пропаганда айылы» деп аташат.

Түштүк Кореянын аймагынан көрүүгө болгон, жабык Түндүк Кореянын аймаганыдагы жалгыз калктуу конуш.

Түндүк Кореянын расмий маалыматтына таянсак, бул айылда колхозчулардын 200 үй-бүлөсү жашайт, айылда бала бакчалар, эки мектеп (башталгыч жана орто), оорукана бар [1] .

Курулуш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул айыл 1950-жылдары курулган жана ачык түстөргө боёлгон үйлөрдөн турган. Айыл өз убаганда электрлештирилген, ал кезде Түндүк жана Түштүк Кореянын элет жергесинде электрлештирүү чоң жетишкендик деп эсептелген

Бул айылда адамдар жашабагынын, жөн гана пропаганда үчүн курулгандын төмөнкү белгилерден байкаса болот:

  1. Имараттардын бир гана бөлүгүндө бир эле учурда терезелерде жарыкты байкаса болот.
  2. Айылдын айрым жерлеринде маал-маалы менен аскерлер жана аялдар келип имараттарды, терезелерди тазалап турушат. Бирок бул адамдардан бөлөк адамдарды айылдан байкоого болбойт.
  3. 15 жылдан бери бир гана адамдардын тобун байкоого болот[2] .

Кубаттуу оптикалык технологиялар пайда болгондон кийин түштүк кореялыктар имараттардын ички дубалдары жок, жөн гана бош «кутулар» экенин далилдешкен.

2004-жылга чейин Кижондондун имараттарына орнотулган кубаттуу динамиктер аркылуу Түндүк Кореядагы жашоону даңазалаган ураандарды, чек арадан өткөн түштүк кореялыктарды бир тууган катары кабыл аларын билдирген пропагандалык берүүлөр угузулуп турган.

2004-жылы мындай берүүлөрдүн натыйжалуулугунун төмөндүгүнүн себебинен, динамиктер аркылуу батыш мамлекеттерине каршы пропаганда жана патриоттук марштарды суткасына 20 саат бою угузуп турушкан.

Ушул эле жылы Түштүк Кореянын өкмөтүнүн жооп кайтаруу чечиминин негизинде, Кижондондон 1,8 чакырым алыстыкта жайгашкан Түштүк Кореянын Пханмунжом кыштагында динамиктери орнотулуп - Түштүк Кореянын рок музыкасы угузула баштаган.

Бул чечимдердин негизинде Демилитаризацияланган аймак адам чыдагыз ызы-чуу үндөргө бөлөнгөн. Натыйжасында эки тарап бир келишимге келип, динамиктерди өчүрүшкөн.

Ушундай эле тирешүү - кайсы өлкө бийигиреек асаба (флагшток) орнотуу жаатында да байкалган.

Бул тирешүү батыштын басма соз мекемелери тарабынан «асабалар согушу» деп аталган (англ. flagpole war), Кижондондогу асаба өз учурунда дүйнөдөгү эң бийик асаба болуп эсептелеген[3] жана анын бийиктиги 160 метрди, желектин салмагы 270 килограммды түзгөн. Бул желекти көтөрүү үчүн 50 адамдын катышуусу талап кылынган.

Бирок Гиннестин рекорддор китеби бул конструкцияны флагшток деп атоодон баш тартып, жөн гана тик мамы деп атаган (англ. free-standing) .

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акаба – Иорданиядагы курорттук шаар, ал шаардагы флагшток коңшу өлкөлөрдөн көрүнүп турат.
  • Потемкин кыштактары

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. A Sightseeng Guide to Korea by Pang Hwon Ju & Hwang Bong Hyok, Foreign Languages Publishing House, Pyongyang, DPRK. 1991
  2. A dictatorship’s delights | The-Latest.com(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  3. BBC NEWS | Middle East | Jordan flagpole hits new heights(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]