Кийик от

Википедия дан
Thymus vulgaris.

Кийик от (лат. Thymus) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Сабагы жерге төшөлүп, кээде жантыгынан өскөн чала бадалча. Гүлдөөчү бутагы тик өйдө, кээде жантыгынан өсөт. Жалбырагы тушташ жайгашкан, жээги тегиз, түрдүү формада, майда (1–1,5 см). Гүлдөрү шар сымал топ гүлдү түзүп, сабагынын учунда жайгашат. Желекчелери көгүш, мала кызыл, агыш, кээде көк түстө. Мөмөсү – жаңгакча, сүйрү же тоголок. 300дөй түрү бүткүл Евразияда, Түндүк Африкада, Канар аралынан Гренландияга чейин таралган. Кыргызстанда 8 түрү бөксө жана бийик тоолордогу боздоңдо, суу, булак боюнда, бадал арасында, аска-зоо жаракасында, шагылдуу бетте өсөт. Кийик отун кээ бир түрүндө эфир майы – тимол, карвалол бар. Медицинада, парфюмерияда жана тамак-аш өнөр-жайында колдонулат. Ошондуктан кээ бир өлкөдө кадимки Кийик от атайын өстүрүлөт. Кыргыз эли да эзелтеден эле сасык тумоо үчүн, ичеги карын ооруларын дарылоодо кайнатып, ширесин ичишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]