Кикбоксинг

Википедия дан

Кикбоксинг (англисче kick – бут жана тебүү жана boxing – бокс) – чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) жана англис боксунун негизинде түзүлгөн спорт түрү. Кикбоксингтин эрежеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол жана буттун соккулары күчтү толук колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут жана иштөө ыкмалары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокстан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда жана Батыш Европада 1970–75-жылдары пайда болгон. Учурдагы Кикбоксингде жети негизги багыт бар: лайт-контакт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай-Кикбоксинг, ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече таймаш жана Кикбоксинг базасындагы аэробика. Бүгүнкү күндө Кикбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм жана өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын негиздөөчүсү – Эл аралык профессионалдык каратэ федерациясы (1968-ж. түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму – WAKO (эл аралык Кикбоксинг уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал Кикбоксингди сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионалдар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рейтинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спортчу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салмагы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Андан кийин талапкер бул салмактагы чемпион жана беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. Кикбоксинг жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак жана таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу каражат), кызкелиндер үчүн төшүн коргоочу атайын кошумча калканчтар кирет. Кикбоксинг сүйүүчүлөрдүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профессионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 раунд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргызстанда Кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баштап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор салым А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спортчулар – Ш. Шадманов (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Абасов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Республиканын 1-чемпионаты 1996-ж. Бишкекте өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]